Нурдан Орунтаев: “Документ иштеринде тоскоолдуктар көп болду… Эми негизги милдет – курулушту баштоо”
7-августта, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын курулуш объектилеринин биринде үлүш ээлери менен жолугушту.
Жолугушууда министр объектилерди мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүү процессинде бир катар укуктук жана документтик тоскоолдуктар болгонун белгиледи.
Анын айтымында, учурда камакта турган “Дөөлөт курулуш” компаниясынын негиздөөчүсү Максат Чунуев компанияны мамлекеттин карамагына өткөрүү процессинде тиешелүү документтерге кол коюудан баш тартып, өткөрүп берүү иштерине тоскоолдук жараткан. Бул жагдайга байланыштуу укуктук чараларды көрүү үчүн прокуратура органдары да тартылган.
2026-жылдын февралында башталган иштердин жыйынтыгында “Базис-М” компаниясынын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик реестрге катталды.
“Эми негизги милдет – курулушту баштоо. Учурда инвестор тартылды, керектүү материалдарды жана жабдууларды жеткирүү иштери жүрүп жатат. Атайын инженердик-техникалык курам келет.
