Саламаттык сактоо министрлиги ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө медициналык даярдыкты камсыз кылууда
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата саламаттык сактоо системасын даярдоо иштерин улантууда.
Даярдыктын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун медициналык жактан камсыз кылуу, ошондой эле ишке тартылган бардык медициналык кызматтардын ишин координациялоо маселелери талкууланды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аянтчаларында медициналык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн медициналык пункттарды, мобилдик медициналык бөлүмдөрдү жана мобилдик госпиталды уюштуруу, ошондой эле тез медициналык жардам бригадаларын күчөтүү каралган.
Оюндар өтүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чараларды медициналык жактан камсыз кылуу үчүн өзүнүн мобилдик госпиталын убактылуу өткөрүп берет. Ал зарыл медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн пайдаланылат.
Эл аралык иш-чараларды медициналык жактан камсыз кылууга 600дөн ашуун медицина кызматкерин тартуу пландалууда. Алардын арасында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистер, медициналык уюмдардын үчүнчү деңгээлиндеги дарыгерлер жана медицина кызматкерлери, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери, тез медициналык жардам бригадалары жана иш-чаралардын медициналык коопсуздугун камсыз кылууга тартылган башка адистер бар.
Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү координациялоону жана ыкчам чара көрүүнү камсыз кылган ыкчам штаб түзүлдү. Медициналык бригадалардын, дары-дармек каражаттарынын, медициналык жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви түзүлдү.
Жабыркагандардын массалык түрдө кайрылуусунда, инфекциялык жана инфекциялык эмес коркунучтар жаралганда, уулануу, жаракат алуу жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда медициналык уюмдардын шашылыш жардам көрсөтүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле катышуучулардын жана эл аралык иш-чаралардын конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жайгаштыруу, тамактануу жана эс алуу жайларына, ичүүчү суунун сапатына жана башка маанилүү объекттерге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Саламаттык сактоо министрлиги ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде катышуучулар, коноктор жана калк зарыл болгон медициналык жардамды өз убагында ала алышы үчүн медициналык күчтөрдүн жана каражаттардын комплекстүү даярдыгын камсыз кылууда.
