Узак мөөнөттүү респиратордук колдоого муктаж балдарга ӨЖЖ аппараттары жана өмүргө зарыл медициналык чыгымдалуучу материалдар тапшырылды
Ата-энелердин кайрылууларын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, узак мөөнөттүү респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн үй шартында колдонууга арналган өпкөнү жасалма желдетүү (ӨЖЖ) аппараттарын жана өмүргө зарыл медициналык чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга республикалык бюджеттен каражат бөлүндү.
2026-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Биринчи балдар хосписине барып, узак мөөнөттүү респиратордук колдоого муктаж балдар, алардын ата-энелери жана медицина кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө балдарга паллиативдик жардам көрсөтүүнү мындан ары өнүктүрүү, бейтаптарды өмүргө зарыл медициналык жабдуулар жана чыгымдалуучу материалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле оор оорулары бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кошумча чаралар талкууланды.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында үй шартында өпкөнү жасалма желдетүүгө муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ӨЖЖ аппараттары жана зарыл медициналык чыгымдалуучу материалдар менен камсыз болушту. Бул оор өнөкөт оорулары бар балдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.
Бөлүнгөн каржылоонун алкагында 8 бала үй шартында колдонууга арналган өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары менен камсыздалса, дагы 9 балага өмүргө зарыл чыгымдалуучу материалдардын, анын ичинде трахеостомиялык түтүкчөлөрдүн, фильтрлердин жана башка медициналык буюмдардын бир жылдык запасы берилди.
Бул чечим кабыл алынганга чейин ата-энелер ӨЖЖ аппараттарын жана чыгымдалуучу материалдарды өз алдынча сатып алууга же кайрымдуулук уюмдарынан жардам сурап кайрылууга аргасыз болушкан. Мамлекеттик колдоо балдарды зарыл жабдуулар менен камсыз кылууга жана үй-бүлөлөргө түшкөн финансылык жүктү кыйла азайтууга мүмкүндүк берди.
Ата-энелер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго бюджеттик каражаттарды бөлүү жөнүндө кабыл алган чечими үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар көп жылдар бою балдарды өмүргө зарыл жабдуулар менен камсыз кылуу маселесин көтөрүп келген үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары иш жүзүндө чечимин тапканын белгилешти.
Дамир Осмонов узак мөөнөттүү респиратордук терапияга муктаж балдарды колдоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишинин маанилүү багыттарынын бири бойдон кала турганын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө балдар берилген өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары жана зарыл чыгымдалуучу материалдар менен толук камсыз болушту. Биздин милдет — бул колдоону туруктуу негизде сактап калуу, чыгымдалуучу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоону уюштуруу жана балдар зарыл болгон дарылоо менен камкордукту үй шартында ала алышы үчүн бардык шарттарды түзүү», — деп белгиледи министр.
Министр үй-бүлөлөргө кошумча жардам көрсөтүүнү улантып жаткан кайрымдуулук уюмдарына да ыраазычылык билдирди. Алсак, Al Fajr фонду балдарды атайын дарылоочу энтералдык тамак-аш менен камсыз кылып, мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоону улантууну көздөп жатат. Бул ишке «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фонду да кошулуп, балдардын муктаждыктарын эске алуу менен аларды атайын тамак-аш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнү пландаштырууда.
Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Дамир Осмонов оор оорулары бар балдарды колдоо мамлекеттин, медициналык коомчулуктун жана кайрымдуулук уюмдарынын биргелешкен аракетин талап кыларын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлиги паллиативдик жардамды өнүктүрүү, мамлекеттик колдоо чараларын кеңейтүү жана узак мөөнөттүү дарыланууга муктаж балдардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча ишти улантат.
