Балыкчы шаарында туристтик-маалыматтык борбор расмий ачылды
8 август

Балыкчы шаарында туристтик-маалыматтык борбор расмий ачылды

8-августта, Балыкчы шаарында туристтерге сапаттуу маалыматтык кызмат көрсөтүүгө багытталган жаңы туристтик-маалыматтык борбордун расмий ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кубатов Эдуард Джумакадырович катышып, борбордун ишке кириши аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Жаңы борбор жергиликтүү жана чет элдик туристтерге маршруттар, эс алуу жайлары, маданий жана тарыхый объектилер, мейманканалар, транспорт жана башка туристтик кызматтар тууралуу кеңири маалымат берип, келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Белгилей кетсек, бул борборлордун негизги максаты — туристтерди сапаттуу маалымат менен камсыз кылуу, коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоого көмөктөшүү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтуу.

Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өркүндөтүү жана заманбап туристтик кызматтарды өнүктүрүү боюнча иштерди ырааттуу улантууда.