Ысык-Көлдө мопед, скутер жана желмаян айдоочулары арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККБнын аппарат кызматкерлери тарабынан мопед, скутер жана желмаян айдоочуларынын катышуусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, коргоочу туулганы милдеттүү түрдө тагынуу, ылдамдыкты ашырбоо жана жолдо өзгөчө этият болуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККБ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, «Жол эрежеси – өмүр эрежеси» экенин эскертет.
