Ош: Ак-Тилектеги жаңы сейил бакта курулуш иштери уланууда
8 август

Ош: Ак-Тилектеги жаңы сейил бакта курулуш иштери уланууда

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда курулуп жаткан заманбап сейил бактын учурда негизги жумуштары аткарылып, аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Сейил бакта жаштар үчүн заманбап воркаут жана башка балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары каралып, жашыл аймактарды үзгүлтүксүз сугаруу үчүн автоматташтырылган тутумдар орнотулууда.

Курулуш иштери жакынкы аралыкта толук аяктап, сейил бак шаар тургундары үчүн пайдаланууга берилет.