Дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн келген тоо куткаруучулары Кыргызстанда чеберчилигин өркүндөтүүдө
«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмга (ЖКЭУ) мүчө-мамлекеттерден келген тоо куткаруучуларынын катышуусунда XII Эл аралык окуу-машыгуу уланууда.
Бүгүн катышуучулардын негизги көңүлү аскага чыгуу боюнча практикалык сабактарга бурулду. Тоо куткаруучулары аскалуу тилкелерде жүрүү, бийиктикке чыгуу жана түшүү, ошондой эле тоолуу шарттарда куткаруу иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын өркүндөтүүдө.
Кечээ катышуучулар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактарды өтүп, тоолуу аймактарда жаракат алган учурда жана башка шашылыш абалдарда аракеттенүү алгоритмдерин өздөштүрүштү.
Окуу-машыгуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк адистер кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте куткаруу иштерин жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп, тажрыйба алмашууда.
Эске салсак, 2026-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында ЖКЭУнун колдоосу менен XII Эл аралык тоо-куткаруу даярдыгы боюнча курстар расмий түрдө ачылган. Ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов катышкан. Ал өз сөзүндө 2012-жылдан бери бул курстар куткаруучуларга тажрыйба алмашууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүп келе жатканын белгилеген.
Окуу-машыгуулары 5–15-август күндөрү өтөт. Аларга Алжир, Армения, Грузия, Иордания, Марокко, Монголия, Палестина, Россия, Сауд Арабиясы, Судан жана Тунистен келген 13 куткаруучу катышууда. Машыгуулардын жүрүшүндө алар бийик тоолуу шарттарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча теориялык жана практикалык даярдыктан өтүп, алдыңкы эл аралык тажрыйба менен бөлүшөт.
