Өк министри Араван районундагы жээк бекемдөө иштери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Сзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Араван районундагы бир катар объектилерди кыдырып, Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Араван-Сай дарыясынын жалпы узундугу 48 чакырымды түзүп, 7 миң 630 гектарга жакын эгин аянттарын жана үлүш жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Дарыянын суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 150 куб метрге чейин жетет. Анын жээктеринде 1460ка жакын кожолук жайгашкан.
Министр Дөбө-Коргон айыл аймагындагы Чертик жана Арап айылдарынан өткөн Араван-Сай дарыясынын сол жээгиндеги жээкти бекемдөө иштерин көрдү. Бул тилкенин 2700 метр аралыгы кооптуу аймак болуп саналат.
Акыркы жылдары сел сууларынын таасиринен дарыянын сол жээгиндеги коргоочу тоо таштар агып, жээк эрозияга учураган. Натыйжада дарыяга жакын жайгашкан 16 гектарга жакын үлүш жерлерге зыян келтирилген.
Бул аймакта жээкти бекемдөө зарылдыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү корутундусу менен аныкталып, иштер “Авариялык калыбына келтирүү” иш-чараларынын мерчемине киргизилген.
2025-жылы аталган тилкеде 530 метр дамба тоо таштары менен бекемделсе, 2026-жылдын май айынан тартып дагы 1005 метр аралыкта аска таштар менен жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Министр аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруп, жээкти бекемдөө иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр райондогу башка бир катар маанилүү жана кооптуу объектилердин абалы менен да таанышты.
