“Жонунда – балдары, көкүрөктө – ырлары”: турмушун да аксатпай, талантын да аздектеген акын айым
Жыпар Исабаеванын чыгармачылыгындагы жетишкендиктери үчүн алган сыйлыктары көп. Атай келсек, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, Түрк биримдиги, “Мустафа Кемал Ататүрк” сыйлыктарынын ээси ж.б. Ондогон китептердин, 200гө жакын обондуу ырлардын, бир канча көркөм тасмалардын сценарийлеринин автору. Ошол эле убакта ал төрт баланын энеси, жолдошунун жубайы жана неберелердин чоң эне-таенеси. Акын айым бизге аялзаты үчүн бир убакта ушунча жүктү көтөрүү эмне тураарын, сыйлыктардын чыгармачыл адам үчүн маани-маңызы жана акындык тагдыр тууралуу айтып берди.
– Чыгармачыл адам үчүн сыйлык канчалык маанилүү?
– Сыйлык алганга анчалык деле куштарланчу эмесмин. Сыйлык, наам, атак-даңк оюма деле келбептир. Бир жакшы ыр же башка чыгарма жазып алсам, дүйнөм түгөл, телегейим тегиз болуп, ошого каниет кылып, укмуштуудай бактылуу сезилчүмүн. Азыр деле ошондой. Бирок сенин кайсы бир эмгегиң элге жакса, мамлекет тарабынан бааланса - бул бир чети кубаныч, бир чети чоң жоопкерчилик болот экен. Чыгармачыл адамдар, негизи, аябай кыялкеч, эмоцияга бай, сезимтал адамдар эмеспизби. “Демек, менин жасаган эмгегим текке кетпептир, мен окурмандарыма керек экемин” деген ойдун өзү укмуштуудай дем-күч берет. Дыйкан деле жерди айдап, үрөн сээп, сугарып, отоо чөптү жулуп, бөпөлөп карап, күздү күтөт. А күзүндө түшүм жакшы болсо, чери жазылып кубанат го. Чыгармачыл адамдар деле ошондой – сен сепкен үрөн (чыгармаларың) окурмандарга таасир берип, жүрөгүнөн орун алса – бул да эң чоң сыйлык.
– Толтура сыйлыктардын ээсисиз, ар биринин өзүнчө орду болсо керек, кайсыны бөлүп көрсөтө аласыз?
– Сыйлыктын майда, чоңу жоктур. Бирок Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык – алгачкы сыйлыгым го. Абдан толкундангам. Анткени, кичине кезимден Алыкул атабызды көрбөсөм дагы, жакын адамымдай тутуп, ырларына таасирлерин чоңойдум. Устатым дедим. Кийин шаарга атайылап келип, бейитине барып жүрдүм. Ошондуктан бул сыйлык мага чоң дем берди.
КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алганымдын да өзүнчө окуясы бар. Жаштардын “Нур борбор” чыгармачыл бирикмеси көрсөткөн. Нурбек Мамытбаев сунуштап, Нурлан Калыбеков кол койгон. Бирок эсимден деле чыгып кеткен болчу. Ковид пандемиясынын маалы эле, катуу ооруп калдым, дарыгерлерге барсам, кабыл алышпайт, анан үйдө өз алдымча дарыланууга аргасыз болдум. Ары баратып эле бери келгем. Ошол күндөрү, Кайрат Иманалиев чалып калды. Ал убакта Кайрат мырза маданият министринин орун басары болчу: “Куттуктайм, эже, маданиятка эмгек сиңирген ишмер болдуңуз”, - деди. Кубаныч, жакшы сөз – жанга дары болорун ошондо сездим. Чыйралып, сакая түшкөм. Ошол сүйүнчү коңгуроо эсимден, кулагымдан кете элек. Айтмакчы, ошол кезде жанга аралжы болгон дагы бир жакшылыкты унутпайм. Менин ооруп калганымды уккан Дайырбек Орунбеков атайын мага, мен жашаган жаңы конушка чейин дары жеткирип келиптир. Ага чейин тааныш да эмес элек. Жакшы адамдар, жакшы мамиле, жакшы сөз, жакшы маанай – көңүлдүн эле эмес, өмүрдүн да дабасы экени чын.
Анан эле атайын ооруканадан (КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Клиникалык ооруканасы, - ред.) байланышып, каттоодон өтүшүмдү суранып, чакырып калышты. Дарыгерлердин жылуу мамилесинен улам, ыйлагым келди. Тестиер кезден чыгармачылык менен бекер алпурушуп жүрбөгөнүмө, мээнеттин акыбети болооруна ошондо ишенгем.
– Эмгектин акыбетин көргөнгө чейинки жол узун болдубу? Кандай учурларды басып өттүңүз?
– Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы жашоо баарыбызга эле белгилүү эмеспи. Ошондой учурда дагы соода кылам, акча табам дебей, ачка отурсак дагы кезерип калем кармадык. “Сенин чыгармаңды ким окуйт?” - дегендер болду. Бирок Кудайга шүгүр, калемсап бизди, биз калемсапты сүйүп, адабиятыбыздын арабасын тартышыппыз…
– Сиз түрк тилдүү өлкөлөрдүн акын-жазуучулары менен дагы алака-катышта болуп жүрөсүз, алар менен кантип кызматташып калдыңыз эле?
– Түрк тилдүү мамлекеттердин адабияты менен алакалаш болуп кызматташуу кыялдарымдын бири болчу. Ошол тилегим орундалды. 2023-жылы Кипрде өткөн адабий фестивалга катышуу шыбагасы буюруптур. Бул менин түрк тилдүү окурмандарыма жакындаткан көпүрө болду. Фестивалга 14 мамлекеттен келген адабиятчылардын, акын-жазуучулардын алдында, чоң сахнада түрк тилинде жана кыргыз тилинде эки ыр окудум. Ага чейин Түркияда катуу жер титирөө болду эле го, ошондо кайгыра берип катуу стресске түшүп кеткем. Окуган ырым ошол таасирдин негизинде жазылган эле. Биринчи корктум, ошончо талантуулардын алдында кантип окуйм деген ой болду, анан эле окуп жатып байкасам зал жымжырт. Окуп бүткөнүмдөн кийин шатырата кол чабышып, түрк, казак, азербейжан, өзбек туугандарым тосуп алып, бетимден өөп куттукташты. Болбосо бири- бирибизди деле жакшы тааныбайбыз. Түркиялык жазуучу Хайреттин Язычы : “Жыпар ыр окуп жатканда эч кандай музыка коюлган жок, бирок кайдан-жайдан анын добушун коштогон музыкалуу ыргак жандүйнөбүзгө кирип турду. Мен поэзияны изилдеп жүрөм, бирок мен билбеген сырлары али көп экенин ошондо билдим”, – деп жазды кийин. Алар менин китептеримди сурап башташты, өздөрүнүкүн беришти, кызматташып, кабарлашып турууну убадалаштык. Бул мен үчүн абдан чоң бакыт болду. Ошол фестивалда “Түрк мамлекетинин биримдиги” төш белгини лауреат катары тапшырышты. Кайра эле ошол фестивалдын Чолпон-Атада өткөн 9-фестивалында Хайреттин Язычы менен Хусейин Гөзулуглу менин чыгармаларымды которуп: “Улуутоодогу - Алатоо үнү” деген ат менен кыргыз, түрк, орус тилдеринде чыгарып, ала келишиптир. Китептин бетачаары өткөрүлүп, “Мустафа Кемаль Ата-Түрк” төш белгисин тагышты. Албетте, бул абдан чоң сыймык. Түрк тилдүү калемдештеримдин мага берген жогорку баасы дагы да чыгармаларды жазуума түрткү болду. Азербайджанда Элли Атаюрд деген калемдешим “Жыландын сүйүүсү” мистикалык-фантастикалык үчилтигимдин азыр үчүнчүсүн которуп жатат. Котормо тууралуу сөз болуп калды, ушул ж.б.прозалык чыгармаларымды Германияда жашаган калемдешибиз Цун-Эр мырза орус тилине которду. Казак калемдештерибиз ырларды, аңгемелерди казакча котопушту. Азыр “Жыландын сүйүүсү” Америкада англис тилине которулуп жатат.
Мунун баары – менин, демек, жалкоолонгонго акым жок, иштешим керек деген дем берет. Мен да түрк, азербайджан, казак акын-жазуучуларынын китептерин котордум.
– Чыгармачылыкка канча жашыңызда келгенсиз?
– Мен өтө эрте, 10 жашымда аралаштым. “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” деген гезиттер бар эле, республикалык деңгээлдеги, канча миңдеген тираж менен чыкчу. Аларга макала-ырларым байма-бай жарыяланып турчу. Ошол бойдон колумдан калемсапты түшүргөн жокмун. Азыр мен окуп жүргөн ырлардын көбү 20-22-25-30 жашымда жаралган ырлар. Мени сүйүнткөнү – ошол ырлардын эскирбегени. Бүгүнкү күндө дагы жандүйнөм чарчап, ооруй түшкөн кездерде эски дептеримди барактап, ошол ырлардан үнүмдү чыгарып окуп алып, соцтармактар аркылуу окурмандарыма тартуулап, анан жыргап калам. Кээде оңдоп коеюн десем дагы, оңдолбогону өтө кубандырат. Талантты турмуштун оош-кыйышына, чыгармачылыктын кыйын учурларына карабай багыш керек, сүйүш керек. Бир ырым бар:
Бир колумда калемсабым, бир колумда казаным,
Жондо – бала, жолдо – түйшүк, көкүрөктө – казалым.
Балким, курсагыма, жонума балдарымды көтөрүп, жандүйнөмө ырларымды толтуруп, талантымды аздектеп, баарын бирдей сүйүп, баарын тең көрүп келгеним үчүн ырларым да мени сүйдү го деп ойлойм.
Поэзияга арнаган “...мен сени кандай сүйсөм, сен да мени ошончолук сүйөсүң...” деген ырым бар. Эч качан таштап салбай, кагып-силкпей, наалыбай турмушумду да улап, үй-бүлөмдү сактап, ырларымды да кучактап жүргөнүм үчүн азыр аздыр-көптүр ийгиликке жетип жатам го... Бирок, мен самаган бийиктик али алдыда турат, ага дагы да жете элекмин. Аял кишинин чыгармачыл болушу, айрыкча биздин шартта оңой эмес го. Бирок “кыйын” дегим да келбейт. Ырахаты да ошончо.
– Азыр сиз менен сүйлөшүп жатып, таланттуу адамдар бала чагында кандай болушат болду экен деген ой келди. “Таланттуу адамдар бардык жагынан таланттуу” деп коет эмеспи, сабактарга да жакшы жетишсеңиз керек?
– Мектепте окуп жүргөнүмдө мугалимдин айтканын ошол замат эле кайра айтып берип, жакшы баа алчумун. Сентябрдын башында эле жаңы алган китептерди аягына чейин окуп чыкчумун. Ошондуктан бош убактым көп болуп, дептерлерди ыр дептер, аңгеме дептер, пьеса дептер деп бөлүп алып, каадалуу кишидей жазып отура берчүмүн. Эжем: “Сенин дептерлериңди китеп окугандай кызыгып окуйм”, - деп калчу. Алтурмак, “Кемчонтой”, “Ажар” чыгармаларын сахналаштырып, классташтарыма роль бөлүштүрүп берип, 10 сомдон билет сатып, айылдык клубга койгон күндөр болгон. Азыр классташтарым ошол күндөрдү эстеп күлүп калышат.
– Учурда “Кыргызсериалда” иштейсиз, режиссер болууну ойлоно элексизби?
– Негизи, бала чактан эле кино жаатына да кызыгуум бар болчу. “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеп жатканымда, “Адашкандар” аттуу романымды Темир Бирназаров менен бирге киносценарий кылып жазып, кино болуп тартылды.
Ал эми режиссер болууну ойлонгон жокмун. “Мүнөзүң жумшак, режиссер боло албайсың го”, – дегендер да бар. Бирок адам керек кезде катуу да боло алат. Ким билет эми, эртең эмне болоорубуз белгисиз. Кудайдын айтканы болот.
– Жогоруда оор учурда да соодага, башка тармакка кетпей, калемсабымды колумдан түшүрбөдүм деп калдыңыз. Ал учурда адамдар бир гана акча табууну, тамак табууну ойлонуп, руханий дөөлөт экинчи планга жылган кез эмес беле. Ошондой мезгилде чындап эле: “менин жазганым кимге керек” деп ойлргон жок белеңиз?
– Жок, такыр андай ой болгон эмес. Анткени, мен эч убакта бирөө үчүн жазган эмесмин, өзүмдүн жандүйнөмдүн муктаждыгын гана толтурчумун, өзүм үчүн жазчумун. Качандыр бир ошол ырымды ким бирөөлөр окуй турганын да ойлончу эмесмин. Жандүйнөмдү кытыгылап, денемди балкытып келген эргүүнү тосуп алып, анан аны кагазга түшүргөнүмдөн ырахат алчумун.
