Кыргызстан чакан жана орто бизнес үчүн "жашыл кепилдиктер" ишке киргизет
сүрөт: depositphotos.com
10 июль

Кыргызстан чакан жана орто бизнес үчүн "жашыл кепилдиктер" ишке киргизет

Финансы министрлигинде Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасында микро, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Кеңешме финансы министринин орун басары Нурлан Акжоловдун төрагалыгы алдында өттү.

Жалпы каржылоо көлөмү 170 млн АКШ долларын түзгөн долбоор микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун негизги компоненттеринин бири болуп каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзгөн 2-компонент – «Жашыл кепилдиктер» саналат. Аталган компоненттин оператору болуп «Кепилдик фонд» ААКсы эсептелет.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, «Кепилдик фонд» ААКсынын, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсынын жана «Жашыл каржылоо фонду» ААКсынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууга катышкан уюмдардын презентациялары сунушталды. «Кепилдик фонд» ААКсынын атынан Башкарманын төрагасынын орун басары Э. Н. Таласбаев сөз сүйлөп, «Жашыл кепилдиктер» 2-компонентин ишке киргизүүгө даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле кеңешменин катышуучуларына «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсынын жана «Жашыл каржылоо фонду» ААКсынын презентациялары сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалын, долбоорду аткаруучу уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн жана долбоордо каралган иш-чараларды ишке ашыруунун кийинки этаптарын талкуулашты.

Эске салсак, «Кепилдик фонд» ААКсы «Жашыл кепилдиктер» 2-компонентин практикалык ишке ашырууга киришти. Учурда долбоорго катышуу үчүн финансы-кредиттик уюмдарды тандоо жүргүзүлүүдө. Тандоо аяктагандан кийин туруктуу каржылоо багытындагы долбоорлорду ишке ашырып жаткан микро, чакан жана орто ишканаларга кепилдик колдоо көрсөтүү механизми жеткиликтүү болот.