Азамат Полотов, Улукмырза Полотовдун уулу: “Атам балдарына караганда шакирттерине көбүрөөк убакыт бөлчү”
Кыргыз элинин дагы бир заркар инсаны, көптөгөн таланттарды таптаган улуу устат Улукмырза Полотов акка моюн сунуп кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Залкар инсандын жакындарына биздин редакция жамааты көңүл айтып, тарбиялап өстүргөн шакирттери менен баарлаштык.
– Азамат мырза, атаңыздын арты кайырлуу болсун! Залкар инсан, улуу устаттын уулу болуш сыймык болсо керек...
– Көңүл айтууңузга рахмат. Албетте атам үчүн өмүр бою сыймыктанып жүрүп өтөм. Атабызды узатып терең кайгырып, өзүбүзгө келе албай турган учурубуз. Аска зооң кулаган кыйын эле экен.
– Атаңыздын жолун улаган уул болдуңузбу?
– Ата-энемдин эки уул, бир кызы бар. Менден улуу агам Нурмат опера-балет театрында дирижёр. Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына татып, атабыздын жолун улаган инсан болду. Андан кийинки баласы мен, жеке ишкерлик менен алектенем. Менден кийинки карындашым көз догдур болуп эмгектенет.
– Балдарына кандай ата эле?
– Мээрими чексиз болчу. Абдан боорукер эле. Балдарын чапмак турсун катуу айткан эмес. Сөз менен тарбия берди. Мага: “Дайыма эрте тур, балам, элдин катарынан калба, уурдаба, адал ак эмгек кыл. Бирөөнүкүн алба, ашык болсо сөзсүз элге жардам бер”,- деп көп айтчу. Анткени атам адал эмгеги менен бутуна туруп, эмгек менен эрезеге жеткен адам болгон. Балалык чагында чоң атабыз согушка барып бир көзүнөн ажырап келген экен. Бирок атама солдаттардын тартибиндей түз, так, таза бол деп үйрөтүптүр. Мектепти аяктагандан кийин атамды чоң окуу жайга тапшыр деп Фрунзеге жиберет. Юридикалык окуу жайга өтпөй калганда “атама эмне деп айтам? Эмнеси болсо да бир окуу жайга тапшырып өтөйүн” деп М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып окуп калган экен. Атамдын чыгармачылыкка болгон кадамы ошол жактан башталыптыр.
– Өткөн кеткен күндөрүн эстеп айтып берип калчу беле?
– Негизи атам көп бошочу эмес. Балдарына караганда шакирттерине убактысын көп бөлдү. Ошентсе да биз менен отуруп калганда жаштыгындагы кыйынчылыктарын эстеп айтып калар эле. Апам экөө жаңы баш кошкондо жакшы эле азап тартышыптыр. Батирден-батирге көчүп, картонду алдыларына төшөп, анын үстүнө болгон жууркан-төшөгүн салып уктагандарын айтып берчү. Негизи атам жаны тынбаган, бош убактысын текке кетирбеген адам эле. Иштен келсе да огородко чыгып бир нерселерди кылып жүргөндү жактырчу.
– Акыркы күндөрүндө атаңыздын жанында боло алдыңызбы?
– Акыркы беш жылын атамдын жанында болдум. Консерваториядагы ишин өткөрүп бергенден кийин майда-чүйдө чарбалык иштер менен алектенип, комузун чертип эс алып жүрдү. Кудайымдын маңдайга жазганын көрөт экенбиз. Атамдын жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка аргабыз жок.
Сыймык Бейшекеев, ырчы: “Элдин кулагынан кирип, жүрөгүнө жеткен ырчы, обончу болосуң дечү”
– Агайдын колуна 1993-жылы келдим. Ал кезде устатым эр ортонуна үзөнгү салып калган, мугалимдик тажрыйбасы мол болуп, бардык нерсеге көзү жетип калган учуру экен. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин ата-баладай болдук. Өзү да “силерди ата-энеңер төрөп өстүрүп, тарбия берип окутса, андан кийинки өнөр жолуңардагы атаңар менмин” деп калчу эле. Окууга киргениме төрт ай болгондон кийин эле филармониядагы “Эл ырчысы Эстебес” тобуна солист болуп кабыл алындым. Ар бир эле адамга мындай ийгилик буйруй бербейт эмеспи. Алгачкы жемишиме, жеңишиме түрткү берген себепкерим - устатым болду. “Окууңду улант. Элдин кулагынан кирип, жүрөгүнө жеткен ырчы, обончу болосуң” деп шыкак берип, ар дайым көзөмөлүнө алды.
Атамдын көзү өткөндө: “Агай, атамдан айрылдым, эми экинчи атам сиз көп жашаңыз”,- деп жашыдым. Ошондон төрт жыл өтпөй атамдай көргөн устатымдан айрылдым. Ар дайым кабар алып, кандай майрам болбосун барып кетер элем. Ар дайым батасын бергенден чарчаган жок. Буюрса, шакирттери министрибизге кирип сүйлөшүп, “Улукмырза Полотов” атындагы сыйлыкты уюштуруп агайыбыздын аты түбөлүк калгандай иштерди жасашыбыз керек деген ойдомун.
Алина Жетигенова, ырчы: “Менин тарабымды талашып окууга алып калган эле”
– Ата-энем мени жогорку билим алсын деп башка окуу жайга тапшыртканына карабай документтеримди алып, 1982-жылы филармониянын алдындагы студияга барып тапшырып калдым. Абитуриенттер көп, орундар абдан чектелүү. “Бою кичинекей экен” деп комиссия мени кабыл албайбыз дешкенде агай: “Ушул жерде ырдагандардын мыктысы экен. Бою кичине болсо эмне болуптур? Роза Рымбаева деле боюна карабай ырдап, бир мамлекеттин даңкын чыгарып жатат го. Мен өзүм окутам” деп менин талабымды талашкан эле. Ошондон баштап агайдын окуучусу болдум. Атадай камкор эле. Дайыма балмуздак жебе, семичке чакпа деп айтчу. Бир жолу балмуздак жеп шашпай келатсам агайым алдымдан чыкты. Чочуп кетип чөнтөгүмө салып жашырганым эсимде.
Кийин агайым айткандай көп сынактардын жеңүүчүсү болдум. 1989-жылы “Юрмалага” катышып анда да жакшы жетишкендик менен келгенимде абдан кубанган. Көрсө, ар бир окуучусунун келечегин көрө билген көсөм, көрөгөч инсан болгон экен. Азыркы тапта Москвада вокалдан сабак берип жаткан учурум. Өзүмдүн окуучуларыма да устатымдын методикасын колдонуп сабак өтөм. Чыгармачылыкта таянган тоом эле. Алыста жүргөнүмдө жаман кабарды угуу мен үчүн оор болду. Жаткан жери жайлуу болсун!
Аскат Мусабеков, ырчы: “Акча берип курсагыңды тойгузуп кел дечү”
– Агайымдын колуна 18 жашымда келдим. Ага чейин мектепте 11-классты окуп жүргөнүмдө Консерваторияга атайын издеп келип жолугуп: “Агай, мен сиздин окуучуңуз болгум келет. Бала кезимден бери ырчы болсом деп эңсеп жүрөм”,- дедим. Агайдын кеп-кеңеши менен мектепти аяктагандан кийин филармонияга тапшырып, ошол күндөн тарта шакирти болуп калдым. Устатымдын арты менен көптөгөн конкурстардын лауреаты болуп, жеке концертимди берип атым таанылды. Менин чыгармачылыгыма да, жеке жашоомо да чоң таасир берген инсан болду. Биз окуп жүргөндө түрдүү мисалдар менен көп кеңеш насаатын берди, атабыздай камкор болду. Бир жолу сабакка кирип, ырдап баштаганымда эле “ачкасыңбы?” деп сурады. Уялып “жок, агай, курсагым ток” дедим. Калп айтканымды билип акырын чөнтөгүнөн акча алып чыкты да: “Ме, ашканага барып курсагыңды тойгузуп, анан сабакка кир”,- деди. Мындай көрүнүш бир нече жолу болду. Мага эле эмес, башка окуучуларына да ошондой мамиле кылчу. Ар бир окуучусуна кайдыгер эмес эле. Ошонусу менен улуу устат боло алды...
Токтобек Асаналиев, ырчы: “Бул баладан ырчы чыкпайт дегенде агайым алып калган”
– Менде эки ата болду. Бири жарык дүйнөгө алып келсе, экинчиси турмуш жолуна тарбиялаган устатым эле. Мектепти аяктап өнөр жолунун жаңы босогосун аттаганымда “бул баладан ырчы чыкпайт” деп мени кабыл албай, сабак берүүдөн баш тартышкан эле. Жалгыз агайым гана мени кабыл алып, “келечекте сенден жакшы ырчы чыгат. Ошону далилдейбиз. Аракет кыл, оку” деп көп кеңешин берди. Бир окуя эсимден кетпейт. “Айнагүл” деген чыгарманын баш жагында ойноло турчу кайрыкты эч кимибиз комуздан үйрөнө албай койдук. Мени ээрчитип үйүнө алып барды. Апабыз даярдап койгон тамактан берип, үстүңкү кабатына алып чыгып пластинканы коюп берип, үйрөн деди. Улам келип сурап коёт. 5-6 саат алышып отуруп акыры үйрөндүм. Ошондо гана “эми жакшы болду, эс ал, жатагой” деп төшөк салдырып жаткырып койду. Агайдын үйүндө түнөп, даам сызып, уулундай болуп калганыма сыймыктанам. Кийин Америкага барып келгенимде өзү баргандай кубанган эле. Ал жактан белек катары алып келген костюмду кубанып кабыл алып, кийип жүрдү. Акыркы жолу учурашып үйүнө бардым. Анын үстүнө Консерваторияда агайым иштеген бөлүмгө мени жетекчи кылып коюшкан. Кагаздарга кол койдурганы барып, баарлашып, чер жазышып отурган элек. Кетип жатканда батасын берип, “ушундай шакирт болоруңа ишенген элем” деп ыраазычылыгын айтты. Көрсө, кайран устатым биз менен коштошкондой эле болуптур...
