Акын жана доор: Анатай Өмүркановдун граждандык лирикасы
5 март

Акын жана доор: Анатай Өмүркановдун граждандык лирикасы

Акындын окурмандар журтчулугуна жылуу сезим калтырган алгачкы жыйнагы «Мөлтүр сезим» деп аталат. Андан кийин жарык көргөн онго жакын китеби аркылуу өзүн эң ириде лирик катары тааныткан акын өзүнүн стихиясын дал ошол алгачкы жыйнагы аркылуу маалым кылган өңдүү. Анткени «Мөлтүр сезим», аты эле айтып тургандай, өңчөй сезимдик ырлардан, жаш калемгердин «Сен да дайым таза болгун, ак болгун Менин таза махабатым сыяк­туу»1 – деп жазганындай, анын ак, таза, тунук – сезим туйгуларын чагылдырган лирикадан турат. Жаңы сүйүүгө кабылган адамдын башынан эмнелер өтө турган болсо, сөз менен оңой айтыла бербеген ошол нерселерди – махабатты, анын ичиндеги сагынычты, күтүүнү, санаркоону, тынч­сызданууну, ашыгууну, кыялданууну, үмүттү – мына ушулардын бардыгын тең татынакай ырларда акын өз үнү менен берген. Алардагы астейдил сырлар акындын эң жакын адамына – окурманына, айтылат жана ошол эле учурда алар ошол окурмандын дагы жан дүйнөсүндөгү, көкүрө­гүндөгү ачыкка чыга албай жүргөн сырлар болуп чыга келет. А көрсө чыныгы поэзиянын бир критерийи – ошол чыгармадагы айтылгандардын окурман дүйнөсүнөн түнөк таап, анын ойлоруна төп келишинде экен. Бул жагынан «Мөлтүр сезим» окурмандардын үмүтүн актаган.

Угат белем сенин тааныш демиңди,

Көрөт белем басканыңды гүл бакта –

Күн оюмдан, түн түшүмдөн кетирбей

Сен деп жүдөп жүрөт белем Мургабда?!

Сагынбасам сени мен...

Ырдагы ойлордун жөнөкөйлүгү менен татаалдыгы, кү­түл­бөстүгү анын окумдуулугун арттырат. Тааныш демди угуп, басыгын көрүп турушу, күндүз ойдон, түндө түштөн кетпегендиги азап катары кабылданып, анысы «жүдөп жүрөт белем» деп берилип жатса, кайра эле Мургабдагы «жүдөп жүргөн» күндөр «сагынычтын айынан», «сагынуу үчүн» болуп жатканы айтылып, ошол күндөргө ыраазы болуу, сооронуу, ашып-ташкан сагыныч сезилет. Сүйүүнүн өзүнүн жыргалы менен азабы, кайгысы менен кубанычы берилет. Памирдин турмушу, Памирдин таасири, жашоосу, кыймылы, табияты бардыгы ар кыл өңүттөрдөн акындын сезим туйгуларын коштойт. Ошол бийик тоолордой бийик ойлорду жаратат. Бийик сезим үчүн «Мургабдын ызгаарына моюн сунбай, алоолонуп ысып жүрөт» («Сен жокто»). Бирок алыстыктагы ал күндөр өңчөй эле көтөрүңкү маанайдан турбайт, акын ар кыл абалды баштан кечирет, анда жалгыздык, кусалык дагы бар:

Мургаб жери... дарак өспөй, чөп өспөй,

Пил териси сыяктанып бозомук.

Сен зериксең музыка деп, ырлар деп,

Шамал ырдайт, шамал боздойт, ошону ук...

Жалгыздыктан жадап бүттүм зеригип,

Жандай көргөн досторумдан бөлүнүп,

Бүгүн күзгү дарак болдум жылаңач

Кечээ суудай алдас уруп, төгүлүп...

Ырдагы табият менен адам сезиминдеги окшоштук бул – күзгү дарактын жылаңачтыгы сезимдеги боштукту ачып берүүдө маанилүү болсо, адамдагы жалгыздыктан, зеригүүдөн шамалдын ырдаганы менен боздогону алаксытат. Албетте, алаксытмак тургай ал кайра кусалыкты ырбатышы мүмкүн. Акын дагы ошол абалды тереңдетип берүү үчүн жогорудагыдай кайчы салыштырууларды пайдаланат.

Айтор, «Мөлтүр сезимдеги» кайсы ыр болбосун, жогоруда айтылгандай, эң ириде ачыктыгы, сыр жашырбастыгы, аруу-тазалыгы, мөлтүрлүгү менен өзгөчө. Ал эми андан кийинки «Чабалекей», «Алтын өзөн», «Күн жолдон» улам акын ырдан ырга, жыйнактан жыйнакка өсүп олтурганын көрөсүң.

Бул өмүрдөн ким өтпөгөн сүйүү деп,

Кардыкканча кайра ырдаймын сүйүүнү.

Күн жакшысы эртең менен билинет,

Мага эрте жакшы экениң билинди

«Чабалекейдеги» ырлар дээрлик ушул маанайда. Махабаттын улуулугун даңазалоо – акындын стихиясы. «Кө­гүчкөнүм», «Кошуна кыз», «Байкалбаган гүлдөрдүн жыты жакшы» өңдөнгөн ырлар «Алтын өзөн» китебиндеги «Жашың кичүү – жарым жашымдай», «Ракыя» сыяктуу мыкты ырлары менен коштолот да, «Күн жолдогу» «Өзүңдү сүймөкмүн кайрадан» сыяктуу ырлары менен жыйынтыкталат. Ырас, бул тема акындын эң кийинки китебине чейин ырдалып келатат. Ырас, сүйүү тууралуу ар бир ыр жакшы кабылданаарында шек жок, бирок бир акын тарабынан жазылган ондогон ырдын ар бир ирет жаңыдай кабылданышы анын бир ойду ар кыл өңүттөрдөн, жаңыча көз караш, байкоо, дүйнөтааным менен берилип отурушу менен түшүн­дүрүлөт. Тактап айтканда, ырлар бир эле тема болгону менен бир эле ойдун көчүрмөлөрү эмес, акын тынбай изденет, ошондон улам махабат ырларынын Өмүркановдук көрөңгөсү бөксөрбөйт. Бирок, бул акын бир эле темада ыр жазып келатат дегендик эмес, кийинки жыйнагынан тартып анын поэзиясынын диапазону кеңейип олтурат.

А. Өмүркановдун «Бар бол» (Кыргызстан, 1986) ырлар жыйнагын окуган окурман өлкөбүз башынан кечирип жаткан кайра куруу, ыкчамдоо, тездетүү сыяктуу процесс­тер акындын аң-сезимине таасир тийгизип, чыгармачылык кыял чабыттоосуна шык-дем бергенине күбө болот. Акындын үнү-доошу учурга ылайык жаңырыктап чыгуусу анын граждандык милдети болуп саналат. Ошондуктан лирикалык каармандын тутунган позициясы – ачык айтып, ак сүйлөө. Алсак, А. Өмүрканов «Эгерде сен» деген ырында өкүмдүү түрдө окурманга мындайча кеңеш берет: революция үчүн кан-жанын берген улуу муундардын эстафетасын улантуу үчүн өмүр бою Мекенге ак дилден кызмат өтөп, жашообузда илээшип келе жаткан көрүнүштөргө элдешкис күрөш жүргүзүү керек.

...же башкарма, райкомго

кудаң колдоп

эптеп-септеп коюп койсо:

калп жөтөлүп кара күчкө ыңгыранып

күн кечкиртип маяна алып –

бир маселе чече албасаң...

...ким эмне деп

шыбырайт деп

сабак билбес балага окшоп

делдейтип кош кулагыңды

оозуң ачып жалдырасаң...

Кеңеш сурап Ленинден

төшүңдөгү билетиңден

иштен бошоп арыз менен

иште ишти колдон келген.

Мына ушул жөпжөнөкөй, бирок чындыкты бетке жашырбай айткан саптар жашоо-шартыбызды айкындап, мезгилибиздин адамдардан талап кылган жоопкерчилигин билдирип турбайбы! Автор окурманды пассивдүүлүктөн активдүүлүккө, баарыдан да адамдык абийирдин тазалыгына чакырат. Стаханов, Чолпонбай, Гагарин сыяктуу жүрөктөрүн­дө акыйкаттын оту жанган агалардын эрдиктерине үндөйт. Акындын экинчи бир ырында («Жардам») жогорку ырдын мааниси дагы тереңдетилет да, «эчкини эже, текени жезде» деп кошомат, жагалданып жашоого аракет кылган арабөк пенделерди курч саптар менен сындайт. Бу ырлар кургак, безеленип акыл-насаат айтуу эмес, эң оболу ачуу кыйкырык – автордун ички дүйнөсүнүн күйүтү, акын-гражданин катары кемчиликтерге келишпестик менен мамиле кылуусу. Мындай учурда анын ою толук, жеткиликтүү, салыштыруулары өтө элестүү.

Көзкөр болуп,

Жалган атак, даңк үчүн

Жаның сатпа далбастап, –

Антип алган ордендериң

Күздө түшкөн жалбырактай

Түшөт бир күн шыңгырап...

Лирикалык каармандын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүргөн чындыкты жактоо жөнүндөгү идея «Жүрөк сөзү» деген ырда да жаңырат. Турмуш-тиричиликтин тартыш-тарчы­лы­гынан, майда-барат нерселеринен келип чыккан ар түр­дүү психологиялык көз караштарга байкоо жүргүзүп, көп эле адамдар анча элес албаган айлана-чөйрөдөгү болуп жаткан кубулуштарга кайрылып, көркөм объектиге ар тарап­тан мамиле кылуу менен аларды поэзиянын бал тилине салышы А. Өмүркановдун акындык өзгөчөлүгүнөн жана чеберчилигинен кабар берет.

«Жүрөк сөзү» – бул ыйык сөз, анткени жашоо, өмүр, абийир, тазалык тууралуу ак сөз. Бул лирикалык каармандын психологиясында жөн жерден бүтүн бойдон дап-даяр түрүндө пайда боло калган жок. «Тамчыдан дайра куралат» дегендей, ал тагдыр – өмүрүндөгү кубанычтар менен кайгылардан улуу сабак алгандан жаралган.

Мезгил келет жулуп салат

Тааныштыктын тамырларын.

Ишенемин акыр бир күн бир үй тийет,

Карган энем сүйүнгөндөн бийлеп ийет.

Акын тынчтык темасына кайрылганда бүгүнкү жыргал заманда өмүрлөрүн Мекендин эркиндиги үчүн сайып коюшкан улуу муундардын эрдиктери менен жуурулуштуруп ырдайт. Жеңиш деген улуу сөзгө сиңип кеткен аталардын элестери («Боордоштук көрүстөнүндө», «Шамырат», «Ата Мекендик согуштан кайтпай калган адамдар») жаңы өсүп келе жаткан келечек ээлери үчүн тарых экендигин жан сезимге аралап, аң-сезимге таасир этчү жогорку көркөмдүктөгү саптар күбөлөйт. Согуш жана тынчтык темасына автор жалаң гана өткөн мезгилдин күзгүсү аркылуу кайрылбайт, жыйнакта учурдагы заманыбыздын коогалуу маселелери да кеңири орун алган.

Биз кетебиз эртеңкиге берип кезек,

А, бу дүйнө айланат айлангөчөк.

Айлан бирок астын-үстүн боло көрбө,

Жел кайыктай бир кылт этсе бүттү чөгөт.

«Бар бол» жыйнагынын лирикалык каарманынын да жүрөк оту жанып, аруу сезимге жык толгон. Ал үчүн дүй­нөдөгү кымбат нерсе – көңүлүнө жагып, купулуна толуп. жакшы көргөнү. Тазалык да, сулуулук да, деги бардык ардактуу нерселерди ага байланыштыруу жана салыштыруу, ал бар болгону үчүн өзүн жашап тургансыган абалда сезүү, сүйүүнүн ээси болуу лирикалык каармандын бак­тысы катары чагылдырылат. Акындын махабат тууралуу жаз­гандары да философиялык ой жүгүртүүлөр менен ширелген, ар бир сабы изденүүдөн жаралганы ачык эле кө­рүнүп турат. Өтө жөнөкөй, бирок терең мазмунга бай ырлар окурмандар үчүн уккулуктуу болот, жакын сезилет. Мындай саптарды кайра-кайра окугуң келет жана улам кайрылган сайын көп маани камтылган ырлардын улам жаңы сырларынын табияты ачыла берет. А. Өмүркановдун лирикалык каар­маны көп кырдуулук сапатка ээ деп айтууга болот. Анын үстүнө шатырата төккөн жамгыр сымал акындын куюлушуп түш­көн саптарын бири-биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бул касиет акындын стилине мүнөздүү.

...Уу чачкандай – уктум кепти:

...«Ала качып алпарышса

көшөгө тээп, отурбаптыр

эмне керек сага башка...»

Ичим тыз деп жаттым дагы,

Эртесинде көрдүм аны, –

Мурдагыдай...

Уйпаланган

Гүл сыяктуу караганы.

Мурдагыдай барат шашпай

Таза, аруу мөлтүрөгөн –

Ыплас кол булгагандай:

Кайберенди кайбар бирөө

Капилеттен коркуткандай,

Ууртунда күлүмсүрөө,

Анан ызаа калган жанбай...

Жыйнактын жарым бөлүгүн «Чолпонбай» поэмасы ээлейт. Чолпонбайдын баатырдыгын билбеген кыргыз жок. Ал жөнүндө нечен ырлар, поэмалар, аңгемелер, даректүү очерктер, драмалар жазылды. Демек, А. Өмүрканов окурмандын элесинде жадыбалдай жат болуп калган тарыхый окуяны көркөм объект кылып отурат. Ошондуктан акындын поэмасына байланыштуу мыйзам ченемдүү бир суроо жаралаары түшүнүктүү: А. Өмүрканов өзүнөн мурда жазылгандарды кайталаган жокпу?

Албетте, алгач айтып кетчү нерсе – поэма башка калемгерлердин чыгармаларынын мазмунуна үндөш болгону үчүн акынды жемелөөгө болбой турган объективдүү жагдайлар бар. Акын Чолпонбайдын эрдигине байланыштуу чындыктан алыстап кете албайт болчу. Бирок акындын теманы эргүү менен толкунданып жазышы (бул поэманын алгачкы сапта­ры­нан эле сезилип турат) экспрессивдүүлүккө ээ оригиналдуу чыгарманын жаралышына өбөлгө болгон. Чыгармада белгилүү окуя курч драматизмде иштелген, натыйжада каармандардын ички дүйнө­сү терең сүрөттөлгөн. Чолпонбайдын ыктыярдуу түрдө кабыл алган өлүмүнүн се­беби менен баатырдын психологиясына басым жасалган. Акын тарабынан тылдагы жана майдандагы көрүнүштөр элестүү тартылган.

Автордун бул поэмасы – оригиналдуу чыгарма катары Чолпонбайдын элесине түбөлүк коюлган эстелик. Акын А. Өмүркановдун баатырдын эрдигин көркөм чыгармада белгилүү деңгээлде чагылдырууга жасаган аракети текке кеткен эмес, жаркын образдын жаралышы максаттын жүзөгө ашкандыгын көрсөтөт. Жыйынтыктап айтканда, поэма өзгөчөлүгү жана өзүнчөлүгү менен окурманга кызыктуу болоруна шек жок.

«Бар бол» жыйнагы А. Өмүрканов үчүн чыгармачылык өсүү жана изденүү жолунда бараткандыгын күбөлөп турат, – ырлар окурманга жылуу сезим калтырат. «Жашыл арал» менен «Жан кисе» китептери тууралуу дагы ушундай эле ойду айтууга болот.

Ар бир акын чыгармачылыгынын белгилүү бир баскычында «Тандалмалар жыйнагын» чыгаруу мыйзамченеми бар. Өткөн чыгармачылыгына сын көз менен караган акын алардагы өзүнө байкалган ийгилик-калпыстыктарды таразалап, окурмандарга иргеп берүү милдетин алат. А. Өмүр­кановдун ушундай жыйнагы – жогоруда биз ичинен мисал алып жаткан китеп 1995-жылы «Күндөгү так» деген ат менен жарык көргөн. Мындагы эң биринчи көзгө урунган нерсе – китептин аталышы. Философиялык категориядан алынган бул туюнтма метафора катары пайдаланылат, ал эми анын жандырмагы китептин «Көңүл көйгөйү» деп аталган биринчи бөлүмүн окуганда түшүнүктүү. «Ушул күнгө ким апкелди», «Эртеңди ойлоп», «Айлык жетпейт» сыяктуу ырлар, аттары эле айтып тургандай, акын жашаган доорду, өлкөдөгү баштан кечирилип жаткан саясий, экономикалык ал-абалды чагылдырат. Акын бул темадагы ырлары аркылуу гражданин катары айланасында болуп жаткан окуялардын үстүнөн ой жүгүртөт, ага баа берет. Ал баа эч жасалмасыз, түз, кесе, ачык берилет.

Аталган жыйнактын экинчи бөлүгү акындын мурдатан берки жазылып келе жаткан тарыхый ырларын камтыйт. «Оо, Мухамбет», «Көч», «Курманжан датка», «Үкүтай кыздын арманы», «Тоашар баатырдын керээзи», «Эр Табылды арманы» аркылуу акын өткөнгө көз чаптырат. Бабалардын тарыхына кайрылат.

Жыйынтыктап айтканда, А. Өмүрканов эң башкысы ли­рик акын катары кыргыз поэзиясына өз ордун таап, кийин­ки чыгармачыл жаштарга мектеп боло алаарлык деңгээлге жетип калган акын.

Адабиятчы Абдылдажан Акматалиев

Фрунзе шаары 1988-жыл