КР ССМ жана Дүйнөлүк банк медицина тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Саламаттык сактоо министрлиги
24 август

КР ССМ жана Дүйнөлүк банк медицина тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинде 24-августта министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев менен Дүйнөлүк банктын командасынын ортосунда «Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу» Программасын/Долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү боюнча миссиянын алкагында жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын жана саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлин мындан ары чыңдоо боюнча чараларды талкуулашты. Анын ичинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, санариптик инструменттерди өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу механизмдерин өркүндөтүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелерине көңүл бурулду.

«Биз үчүн алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Жүргүзүлүп жаткан реформалар бейтап үчүн конкреттүү өзгөрүүлөргө — медициналык жардамдын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга алып келиши маанилүү. Бул багытта эл аралык кызматташтык жана алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын адам ресурстары жана саламаттык сактоого жумшалган чыгымдар жаатындагы аналитикалык ишинин жыйынтыктарына, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн саламаттык сактоону каржылоо боюнча октябрь айында өтө турган аймактык воркшопко даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, долбоордун иш-чараларын мындан ары каржылоонун жана экологиялык жана социалдык талаптарды эске алуу менен медициналык инфраструктураны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кадамдарды аныктап, биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашышты. Дүйнөлүк банктын миссиясы 24-августтан 28-августка чейин уланып, алгачкы медициналык-санитардык жардам, кадр саясаты, санариптештирүү, финансылык башкаруу, сатып алуулар жана саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин камтыйт.