Кадамжай районундагы жаңы медресенин курулушу башталды
24 август

Кадамжай районундагы жаңы медресенин курулушу башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Закиров Абдулазиз кары Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Сары-Алтын айылында жаңы курулуп жаткан медресенин пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Иш-чарада Азирети Муфтий жаңы медресенин курулушу берекелүү болуп, келечекте жаштардын диний жана адеп-ахлактык билим алуусуна чоң салым кошорун белгиледи.

Ошондой эле медресенин курулушуна салым кошуп жаткан демөөрчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирип, бул сооптуу ишке Аллах Таала береке берүүсүн тилеп, дуба кылды.

Капсула салуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, медресе жамааты жана айыл тургундары катышты.