Кыргызстан БАЭге азык-түлүк продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө
КР Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын БАЭдеги Элчилигинин көмөгү менен #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров менен Дубайдагы NS Lootah Group соода компаниясынын жетекчилигинин — башкы директору Абдуллах Джасим Аль-Араиди жана аткаруучу директору Раджвант Бендин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Тараптар кыргызстандык азык-түлүк продукцияларын, анын ичинде айыл чарба жана кайра иштетилген продукцияларды БАЭнин рыногуна жеткирүүнүн келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл балга, консервацияланган продукцияга, кайра иштетилген эт жана сүт азыктарына, аквакультура продукциясына, мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга бурулду.
Үч күндүн ичинде NS Lootah Group компаниясынын өкүлдөрү ата мекендик ишканаларга барып, алардын өндүрүштүк кубаттуулугу жана экспорттук потенциалы менен таанышып, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашат.
