Коомдогу көйгөйлөрдү курч чагылдырган — Калканбай Ашымбаевге жазылган некролог
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Коомдогу көйгөйлөрдү курч чагылдырган — Калканбай Ашымбаевге жазылган некролог

Кыргыз эли, улуттук адабияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. 

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, көрүнүктүү публицист, фельетонист, педагог Калканбай Ашымбаев 94 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Калканбай Ашымбаев 1932-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында туулган. 1950-жылы Сары-Камыш орто мектебин аяктап, Каракол шаарындагы мугалимдер институтунун физика-математика факультетин аяктаган. 1952-1959-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим болуп эмгектенип, жаш муундарды тарбиялоого олуттуу салым кошкон.

Анын чыгармачылык жолу 1950-жылдардын экинчи жарымында башталган. 1957-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган «Атасы айыктырды» аттуу аңгемеси менен адабият айдыңына келген. 1959-жылдан тартып «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында иштеп, очерк, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген. Коомдогу көйгөйлөрдү курч чагылдыргандыгы үчүн кыргыз журналистикасында белгилүү «Чалканчы» катары өзгөчө орунду ээлеген.

Калканбай Ашымбаевдин калеминен бир катар көркөм жана публицистикалык чыгармалар жаралып, ал эми 1982-жылы көп жылдык изденүүсүнүн жемиши болгон «Интергельпо» романы жарык көргөн. Анын чыгармачылыгында кыргыз элинин тарыхы, улуттук каада-салты, адамгерчилик жана руханий баалуулуктар кеңири чагылдырылган. Ошондой эле атасы – белгилүү манасчы Ашымбаев Мамбеталынын насааттарынын негизинде жаралган «Асыл ойлор антологиясы» жана башка чыгармалары кыргыз элинин улуттук рухий ой казынасын байытууга салым кошкон.

Жазуучунун чыгармачылыгында кыргыз элинин тарыхы, улуттук каада-салты, адамгерчилик, ар-намыс жана руханий баалуулуктар кеңири чагылдырылган. Ал адабият менен бирге агартуу ишине да өмүрүн арнап, эки университеттин ардактуу профессору наамына ээ болгон. Өзүнүн «Оозеки китеби» аркылуу өлкө аймактарын кыдырып, эл арасында улуттук баалуулуктарды, ата-бабалардын мурасын жана чечендик өнөрдү жайылтууга олуттуу салым кошкон.

Калканбай Ашымбаев 1960-жылы СССР Журналисттер союзуна, 1976-жылы СССР Жазуучулар союзуна кабыл алынган. Кыргызстан Журналисттер союзунда фельетон секциясын, Жазуучулар союзунда – публицистика жана очерк секцияларын жетектеп, жаш калемгерлердин чыгармачылык жактан өсүшүнө колдоо көрсөткөн.

Калканбай Ашымбаевдин көп жылдык эмгеги мамлекет жана коом тарабынан жогору бааланган. Ал бир катар мамлекеттик сыйлыктарга, ардак грамоталарга жана юбилейлик медалдарга, «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Эл агартуунун отличниги» ардактуу наамдарына ээ болгон, Түгөлбай Ата атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жана Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу.

Калканбай Ашымбаевдин жаркын элеси, өрнөктүү өмүр жолу, бай чыгармачылык мурасы жана кыргыз адабиятына, журналистикасына жана агартуу ишине кошкон салымы элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы кыргыз адабиятынын, журналистикасынын өкүлдөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, У.Э. Маматканов, А.Т. Түмөнбаев, Г.С. Молдобекова, Т.М. Муратбеков, А.С. Кадыралиев, Ч. Абыкеев, М.К. Мамбеталиев, Д.Ш. Кендирбаева, Б.Ж. Жетигенов, А.Дж. Джунушалиев, М.К. Кожоев, С.А. Раев, Т.С. Садыков, С. Токтакунова, К.К. Иманалиев, Т.М. Мамеев, Т.С. Самидинов, С.Ж. Жетимишов, К.Ж. Жусубалиев, М.М. Мамазаирова, А.Ж. Жакшылыков, Ш.Д. Дүйшеев, А.Р. Рыскулов, Н.А. Алымбеков, С.А. Акматбекова, А.Ө. Өмүрканов, Т.З. Закирова, Б. Усубалиев, М.А. Ааматов, К.Б. Бакиров, А.Э. Эркебаев, М. Мусаев, К.К. Кулуев, Ж.И. Саалаев, Ж.О. Кулмамбетов, А.М. Матисаков, К.О. Иманалиев, Н.К. Капаров, Н.Ө. Калыбеков ж.б.