Бишкекте 25-августтан тарта ири иш-чаралар алдында көчөлөрдү жууп-тазалоо күчөтүлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Бишкекте 25-августтан тарта ири иш-чаралар алдында көчөлөрдү жууп-тазалоо күчөтүлөт

Бишкекте 25-августтан тарта көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде борбор калаанын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, шаарды алдыда өтө турган ири иш-чараларга даярдоо алкагында бир топ иштер аткарылып, жол жана курулуш объектилеринин негизги бөлүгү аяктады.

«25-августтан тарта көчөлөрдү жууп-тазалоо иштерине киришебиз. Алдыдагы масштабдуу иш-чараларга даярдыктын алкагында жолдор оңдолуп, турак үйлөрдүн фасаддары, аялдамалар жаңыланып, жарыктандыруу системалары жакшыртылды», – деди аким.

Анын маалыматына караганда, «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкекке чейинки тилкеде 700дөн ашык заманбап жарыктандыруу системасы орнотулду.

Аэропорттон борбор калаанын борборуна чейинки 23 чакырым жолдун боюндагы 32 аялдама жаңыртылды. Ошондой эле аэропорттун жанында узундугу 1,7 чакырым болгон жаңы жол курулду.

Мындан тышкары, Бишкекте 800дөн ашык светофор алмаштырылып, борбордук көчөлөрдөгү жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыртылды.

Биринчи май районунда 61 турак үйдүн фасады оңдолуп, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Улан Сарылбек уулу белгилегендей, иштер Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында гана эмес, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана борбор калаанын тургундары үчүн шарттарды түзүү максатында да жүргүзүлүүдө.