VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык: жол кыймылынын коопсуздугу талкууланды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча протоколдук тапшырмаларды аткаруу максатында, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын унааларынын техникалык абалын талаптагыдай сактоо жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды тосуп алуу жана белгиленген маршруттар боюнча коштоп жүрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейинки аралыкта өтөт.
