Чолпон-Атадагы ат майдан ДКОго карата толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Чолпон-Атадагы ат майдан ДКОго карата толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда толугу менен аяктады.

2026-жылы башталган долбоордун алкагында объекттин негизги бөлүктөрү жаңыланды. Атап айтканда, VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө бөлүгү жана унаа токтотуучу жайлар оңдолду. Ошондой эле инженердик тармактар жаңыланып, аймак көрктөндүрүлдү.

Оңдоо иштеринин алкагында трибуналардагы керамогранит жабуулары жана отургучтар, башкы кире бериштеги граниттер, чатыр жабуулары жана брусчаткалар жаңыланды. Тосмолор жана дубалдар сырдалып, суу түтүктөрү жана санитардык түйүндөр алмаштырылды. Мындан тышкары, фонтандар оңдолуп, канализациялык түтүктөр тазаланып, трибуналар, витраждуу терезелер жана объекттин аймагы иретке келтирилди.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Учурда ат майданында алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында сахна, монтаждоо жана башка уюштуруу иштери аткарылууда.


Маалымат үчүн: Чолпон-Ата ат майданынын тарыхы 1930-жылдардан башталат. Объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган. Бүгүнкү күндө ал 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ири ат спорттук комплекстердин бири болуп саналат.щ