Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август
Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу синоптиктер жарандарды сак болууга чакырды.
