Кыргызстанда бир жумада 519 мас айдоочу кармалды
ЖКККББ
24 август

Кыргызстанда бир жумада 519 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 14нөн 20-августка чейинки аралыкта 28 миң 367 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 948;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 519;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 224;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 873;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5 236;
  • Автоээнбаштык - 38;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 119;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 17;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 15 073;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.