Стрессти үй шартында кантип жеңүүгө болот, – дарыгердин кеңеши
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгери Медер Исмаилов стресс кантип пайда болоорун, белгилерин, организмге терс таасирин жана аны кантип жеңүү керектигин айтып берди.
Ал белгилегендей, стресс кандайдыр бир коркунучка же жүккө каршы организмдин табигый реакциясы. Бирок өнөкөт стресс кесепеттерге алып келет. Нормалдуу стресс – бул мисалы окуучунун же студенттин экзамен алдындагы абалы жана экзамен бүткөндөн кийин өтүп кетет. Ал эми өнөкөт эки-үч жумадан бир айдан ашык убакытка созулганда жаралат.
“Стресстин себептери көп, биринчиси, тынчсыздануу, үй-бүлөлүк, финансылык фактор, адамдар жумушта да көп стресс алышат, жетекчилиги урушуп же көп түйшүк илип койсо. Бизге жаштарды да жакындары алып келишет. Адам эч нерсеге көңүлү келбей жатып калганда, аны жакындары жалкоолук кылып жатат деп ойлошот. А аны менен сүйлөшүп көргөндө, кандайдыр бир зомбулукка же катуу конфликтке кабылган болот.
Стресстин белгиси – уйкунун жоктугу, адам тез кыжырданат, аба жетишпегендей сезим болот, жүрөгү лакылдап, алкымында бирдеме тыгылып калгандай сезилет. Стресстен ары депрессияга батып кетүү оңой”, – деди дарыгер.
Анын айтымында, стресске күнүмдүк майда көйгөйлөр чогулуп отуруп алып келет. Мисалы, адам жумушта түйшүгү көп болсо, ал аз келгенсип жетекчилик тараптан дайыма эскертүү алып жатса жана жумушта үлгүрбөй калган ишин үйүнө алып келип улантса, уйкудан калат, уйку начарлаганда кыжырдануу сезимдери пайда болот, андан ары тамакка табити жана маанайы жоголот.
“Бүгүнкү күндө эки-үч иште иштегендер көп. Алар стресске сөзсүз түшөт. Көңүлдөрү бир эмес, үч жумушка бөлүнөт. Бул жумушуна жетишпей, же аркы жумушуна жетишпей, кыжалаат болушат, анан стресс башталат. Чынында, бизге учурда стресске кабылган өтө көп адамдар келишет: 20 жаштан 50 жашка чейин. Бул биринчиден жумуштун көптүгү болсо, экинчиден соцтармактардан ар кандай негатив маалыматтарды көп алуу”, – деди Медер Исмаилов.
Ал белгилегендей, психиатрга келген бейтап менен дарыгер 20-30 мүнөт сүйлөшөт дагы, аны үйүндө дарыланууга жиберүү же ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынат. Дарыгер стресске кабылгандарды адамдар көбүнчө “жин кирип кетти” деген түшүнүк менен молдого алып барышаарын кошумчалады.
“Катуу стресске кабылган адам аны менен күрөшпөй койсо, өзүнө кол салууга чейин жетиши мүмкүн. Же башка бирөөгө зомбулук көрсөтүүгө ыктуу болуп калат”, – деди.
Дарыгер стресске кабылган же өзүндө стресстин белгилерин байкаган адамдарды психиатрга баруудан коркпоого чакырды жана үй шартында бул абал менен күрөшүүнүн ыкмасын сунуштады.
“3 жол менен күрөшүүгө болот: 1. Стрессти жок кылууга эмес, аны башкарууга аракет кылыш керек. Ал үчүн уйкуну нормага алып келүү зарыл. Уйку жакшы болбосо, нерв системасы өзүнө келе албайт. 2. Физикалык активдүүлүк. Гимнастика, ар кандай көнүгүүлөр, дем алуу техникасы, эрте менен жана кечинде 10 миң – 20 миң кадам жөө басуу. Дем алуу техникасында 4 секунд дем алып демди ичке киргизип, аны кармап туруп, анан 6 секундда кайра чыгаруу керек. Муну бир нече ирет кайталоо шарт. 3. Эгерде булар жардам бербесе, анда психологго кайрылуу кажет, эгер ал да жардам бербесе, анда жол – бизге. Биз оор кырдаалдар менен иштешебиз”, – деди Медер Исмаилов.
