Абдымалик Бекмурзаев: Биз уккан согуш
9 май

Абдымалик Бекмурзаев: Биз уккан согуш

Улуу Ата Мекендик согуш бизге окшогон аз улуттарга оңбогондой кесепетин тийгизген. Үркүндөн кийин эле башыбызга түшкөн мүшкүл ушул болду. Тынчтык заман орногонуна 81 жыл болсо да, залалы бүгүнкү күнгө чейин сезилет. Анткени, Эсимде, окуучу кезде 9-майды өзгөчө шаң менен белгилечүбүз. Анткени, анын катышуучулары тирүү болчу. Ар бир майрамдын өзүнүн ээси болгондо гана көркүнө чыгат. Биздин Кадамжай районуна караштуу азыркы Молдо Нияз айыл аймагындагы чакан Кызыл-Булак айылында 16 фронтчуну санаганбыз. Мараз аба, Абдырасул аба, Жармат аба... көкүрөктөрүнө медаль-ордендери батпай, жаркырап турчу. Ошол кезде баары элүү менен алтымыштын ортосундагы курактагы кишилер болуптур, азыр ойлосом. Биз алардан согуш тууралуу аңгемелерин угуп калдык. Биз азыр алардан уккандарыбызды айтабыз, а алар өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезгендерин баяндашчу. Согуш тууралуу такыр ооз ачпагандар да болчу, балким, алар кызыл кыргын жүрөгүнө салган такты жаңылап алуудан чоочулап, ал күндөрдү эсинен чыгарып салууга аракеттенишкен чыгаар. 

Айылыбызда согушка беш уулун жөнөтүп, жалгыз уулун гана тосуп алган аялдын баянын апамдан уккам. Апам өмүрү өткүчө ошол уурулаш эжесин эстеп жүрдү. Кошмат, Досмат, Эшмат, Жоро жана Рахман. Үчөө үйлөнүп, балалуу болгонго жетишкен, а экөө 17-19 куракта жоокер кийимин кийишкен. Төртүнчү уулунан кара кагаз алганда эне кан кусуп жатып көз жумган экен. Бул айтып бүткүс трагедия.  

Беш уулдун арасынан жалгыз аман калган Эшмат атабыз 1990-жылдары каза болду.

Кошмат атабызга турмушка чыккан Сарвали жеңебиз үч күн гана чогуу жашаптыр. Ал убакта келиндер ушунчалык ыйбалуу болушкандыктан, күйөөсү аскерге кетип жатканда, сыртка чыгып узаткандан тартынып, үйдө калган экен эле. Анысын кийин арман кылып айтып жүрдү. Күйөөсүнө болгон сагынычы күчөгөндө андан калган белбоону башына жоолук кылып салынып алчу экен. 

Жоро атабыздын уулу Мамадин абабыз атасына келген кара кагазды көзү өткүчө таберик кылып чөнтөгүнө катып жүрдү. Бир жолу мага көрсөтүп, “атамдан ушул гана нерсе калды...” деген эле. Үч бурчтук кылып бүктөлгөн, “...баатырларча каза болду” деп жазылган алакандай кагаз, үлбүрөп, үбөлөнүп кетээрине аз калган. 

“Согуштун балдары” деп коюшат. Менин атам согуштун баласы болгон. Атамдын теңтуштары 50дөн ашып жашашкан жок. 40 жаштан ашкандан кийин эле көбү ашказаны ооруп каза болушту. Атам 43 жашында көз жумду. Бул да болсо согуштун таасири, өспүрүм курагында тое тамак жебей жүрүп, организми жедеп алсырап, анан 40 жаштан кийин буттан жыкты го... 

Бекмурза чоң атам согушта дайынсыз жоголгондордун катарында. Кара кагаз келген эмес. Чоң энем күйөөсүн согушка узатканда болгону 28 жашта, үч баласы жаш, төртүнчү баласы боюнда болгон кез экен. Бешөө өмүр бою батышты зарыгып карашты. Эсимде, 15-16 жашымда, ал кезде чоң энем алтымыштан ашып калган, бир күнү мектептен келсем, ак жоолугун салынып, жасанып кийинип алыптыр. “Тойго барасызбы?” – дедим. “Жок, Малик, түшүмдө чоң атаң келиптир. Анан бүгүн келип калса, карала-торала болуп отурбайын деп, таң эрте туруп башымды жууп, жакшы кийимдеримди кийип алдым”, - деди. Эстеген сайын көзүмө жаш алам. Өмүр бою күйөөсүнүн кайтып келишинен үмүтүн үзгөн жок. Анын үмүтүнө от жагып, улам-улам узартып турган бир себеп бар болчу... 

Чоң атам фронтко Бакытбай аттуу айылдашы менен чогуу кетиптир. Бакытбай аба эмнеден улам билбейм, Түркияга өтүп кетет. Ошол жакта үйлөнүп, жашап калат. 1969-жылы айылдагы балдарына, жубайына кат жөнөтөт. А 1972-жылы кандай жол менен билбейм, Совет бийлигинен уруксат алып айылга убактылуу келип кеткен. Ал киши өзү менен кошо айылга үмүт алып келди. Чоң энем сыяктуу жакындарынын өлүү-тирүүсүн билбей жүргөндөр, бир күнү алардын да үйүнө жакшылык кирип келчүдөй, кайраттары тирилип, көздөрүндө от жанды. 1-класска жаңы барган кезим эле, чоң энем колумдан жетелеп, “абышкамды сурап келчүмүн” деп Бакытбай абанын үйүнө бардык. Бирок ал киши чоң атам менен Акмолага чейин гана чогуу барганын, андан ары эки бөлүнүшкөнүн айтып берди. СССР тарагандан соң, 1991-жылдары ал абабыз айылга кайтып келип, бала-чакасы менен жашоосун улантып, 1996-жылы көз жумду. 

Согуш канча деген тагдырларды кайра жазды. Балдарды жетим кылды, жубайларды эрте күндө жесирге айлантты. Кетпеген так, үзүлбөгөн үмүт менен эки муун жашап өттү. Үчүнчү муун – бизде да ал кайгынын тагы бар. Анткени биз апаатты өз көзү менен көргөндөрдү көрдүк, алардын аңгемелерин уктук, азабын көтөрүп жүргөндөр менен аралашып жашадык. Мындан ары согуш болбосун, жергебизде тынчтык орносун, бирок бул тарых, биздин, чоң ата-чоң энелерибиздин тарыхы. Аны унутууга акыбыз жок, келечек муун согуштун кесепети эмнеге тең болоорун билиши үчүн трагедиянын каармандарынын окуяларын кайталап айтып турууга милдеттүүбүз.