Жамин Акималиев: «Азык-түлүктүн баасын арзандатуунун жалгыз жолу – өзүбүз көбүрөөк өндүрүшүбүз керек»
Кыргызстан бүгүн азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан ташып келет. Натыйжада өлкө импортко көз каранды болуп, дүйнөлүк рыноктогу ар бир өзгөрүү ички баага түздөн-түз таасир этүүдө. Академик Жамин Акималиевдин айтымында, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн импортко көзөмөлдү күчөтүү эле жетишсиз. Ички өндүрүштү көбөйтүү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, органикалык дыйканчылыкты кеңейтүү жана заманбап агротехнологияларды киргизүү аркылуу гана Кыргызстан өз элин сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздай алат.
– Жамин агай, Кыргызстанда импорттолгон азык-түлүктүн коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүү деңгээлдеби?
– Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан керектеген азык-түлүктүн 60–65 пайызын сырттан алып келет. Ошондуктан импорттолгон азык-түлүккө көзөмөл өтө күчтүү болушу керек. Болбосо сапаты төмөн же жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктар өлкөгө кирип кетүү коркунучу чоң.
Айрыкча фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Кыргызстанга келген ар бир азык-түлүк коопсуздук талаптарына толук жооп бериши керек. Анткени тамак-аш коопсуздугу – бул түздөн-түз элдин ден соолугу.
– Тамак-аш коопсуздугу боюнча калктын, айрыкча жаштардын маалымдуулугун кантип жогорулатууга болот?
– Мыйзам боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жооп берген негизги мамлекеттик орган – Айыл чарба министрлиги. Ошондуктан бул багыттагы түшүндүрүү иштерин күчөтүп, калкка азык-түлүктүн коопсуздугу тууралуу үзгүлтүксүз жана ачык маалымат берип туруу эң биринчи ушул министрликтин милдети.
– Айыл чарбасында пестициддерди колдонуу адамдын ден соолугуна кандай таасир этет?
– Отоо чөптөргө жана зыянкечтерге каршы колдонулган уулуу химиялык заттарды мүмкүн болушунча азайтышыбыз керек. Албетте, алар зыянкечтерди жок кылууда жакшы натыйжа берет. Бирок алардын калдыгы кийин мөмө-жемишке өтүп, адамдын организмине түшөт. Мунун ден соолукка тийгизген зыяны чоң.
Ошондуктан акырындык менен биологиялык ыкмаларга өтүшүбүз керек. Илимпоздор зыянкечтерге каршы табигый күрөшүү жолдорун көбүрөөк иштеп чыгышы зарыл.
Мындан тышкары, биз которуштуруп айдоо системасын кеңири колдонбой жатабыз. Бир эле жерге жыл сайын бир эле өсүмдүктү эге бергенде топурак чарчап, илдеттер менен зыянкечтер көбөйөт.
Мисалы, буудайдан кийин кант кызылчасын айдасаңыз, буудайдын отоо чөптөрү өзүнөн өзү жоголот. Ал эми көп жылдык тоют өсүмдүктөрү кызылчанын илдеттерин азайтат. Демек, которуштуруп айдоо топурактын асылдуулугун сактап, зыянкечтер менен ооруларды табигый жол менен азайтууга жардам берет.
– Буудай боюнча дагы эле импортко көз карандыбыз. Бул кооптуу эмеспи?
– Албетте, кооптуу. Азыр да буудайдын белгилүү бөлүгүн Казакстан менен Россиядан сатып алып жатабыз. Бул туура эмес.
Эгер коңшу өлкөлөрдө кургакчылык болуп, экспорт чектелсе, биз да кыйын абалга туш болобуз. Ошондуктан нан коопсуздугун өзүбүз камсыз кылышыбыз керек.
Бизде жогорку түшүм бере турган "Асыл", "Кыял", "Аракет", "Касиет" сыяктуу буудай сорттору бар. Арпанын дагы жакшы сорттору жетиштүү. Ушул сортторду кеңири колдонуп, заманбап агротехнологияларды киргизсек, өзүбүздү толук камсыздоого мүмкүнчүлүк бар.
– Минералдык жер семирткичтер тууралуу коомдо түрдүү пикирлер айтылып келет. Сиз буга кандай карайсыз?
– Бул жерде жаңылыш түшүнүк бар. Айрымдар минералдык жер семирткичтерди уулуу химиялык заттар менен чаташтырып алышат.
Чындыгында минералдык жер семирткичтер – өсүмдүктөргө керектүү табигый минералдар. Азот, фосфор, калий сыяктуу элементтер жаратылыш кендеринен алынат. Аларсыз жогорку түшүм алуу мүмкүн эмес.
Ошол эле учурда органикалык жер семирткичтерди көбүрөөк колдонушубуз керек. Малдын кыгын жаңы бойдон эмес, бир жылдай чиритип, андан кийин жерге берсе, топурактын асылдуулугу кыйла жакшырат.
– Азык-түлүктүн баасынын өсүшү тамак-аш коопсуздугуна кандай таасир этүүдө?
– Бүгүнкү кымбатчылыктын негизги себеби – импортко көз карандылык. Азык-түлүк миңдеген чакырым жол жүрүп келет. Ага ташуу чыгымы, бажы төлөмдөрү жана ортомчулардын үстөк баасы кошулат. Натыйжада эл кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп жатат.
Бааны арзандатуунун жалгыз жолу – өзүбүздүн өндүрүштү көбөйтүү.
Акыркы жылдары жакшы өзгөрүүлөр болду. Мурда үч эле негизги азык боюнча өзүбүздү камсыздасак, азыр бул көрсөткүч алтыга жетти. Бирок буудай, өсүмдүк майы жана айрым мөмө-жемиштер боюнча дагы эле импортко көз карандыбыз.
Ошол эле учурда өндүрүлгөн түшүмдү сактоо жана кайра иштетүү маселеси да чечиле элек. Мисалы, Ысык-Көл менен Баткенде миңдеген тонна өрүк кайра иштетилбей чирип кетет.
Эгер кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүп, шире чыгаруучу заводдорду ачып, логистикалык борборлорду, заманбап муздаткыч кампаларды курса, фермердин эмгеги текке кетпейт.
Инвесторлорду тартып, айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрө алсак, жакынкы 4–5 жыл ичинде негизги азык-түлүктөрдүн дээрлик бардык түрү боюнча өзүбүздү камсыздай алабыз. Ошондо ички рыноктогу баалар да азыркыдай кескин өзгөрбөйт.
Мындан тышкары, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Дүйнөдө органикалык азык-түлүк кадимки продукциядан кыйла кымбат сатылат. Кыргызстан таза экологиясы менен мындай өндүрүштү өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу өлкө.
Бизде биогумус өндүрүүгө да чоң мүмкүнчүлүк бар. Эгер органикалык өндүрүштү кеңейтип, кайра иштетүүнү өнүктүрүп, заманбап сактоо инфраструктурасын түзө алсак, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу бекемделип, калк сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз болот.
