видеодон алынган кадр
22 сентябрь
Ош шаарында эң акыркы технологиялар менен жабдылган жаңы күнөскана ачылды
Ош шаарында жаңы күнөскана курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылуу аземине калаа башчысы Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жаңыдан ишке берилген заманбап күнөскана эң акыркы технологиялар менен жабдылган. Гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылган. Бул өз кезегинде иш процессин кыйла жеңилдетет.
Анда мындан тышкары, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана башка керектүү шарттар да каралган.
Күнөскана "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын ишин жеңилдетип, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүүгө шарт түздү.
