Индияда өлүм жазасына тартылган кыргызстандыкты өткөрүп алууга болобу?  Байдылдаев түшүндүрдү
22 сентябрь

Индияда өлүм жазасына тартылган кыргызстандыкты өткөрүп алууга болобу? Байдылдаев түшүндүрдү

Депутат Чолпон Эсенаманова Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бүгүнкү күндө Индияда 600 чакты кыргызстандык ар кандай себептер менен жашап жатканын билдирди. Аны менен катар депутат Индияда кылмыш жасаган кыргызстандыктар тууралуу кандай маалыматтар бардыгына кызыкты.

Комитетте Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө келишим долбоору 1-окууда каралды.

Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Байдылдаевдин айтымында, Индияда кылмыш кылган кыргызстандыктар жок. Бирок бул макулдашуу көбүнчө Кыргызстандагы индиялыктарга тиешелүү. 

“Биздин өлкө аймагында кылмыш жасаган Индия жарандары тууралуу маалыматтар бар”, - деди ал.

Депутат эгерде кыргызстандык жаран Индияда кылмыш жасаса жана ал оордугу боюнча өлүм жазасына туш келсе, сунушталып жаткан келишим долбоору кандай иштээрин сурады.

“Биздин Кылмыш-жаза кодексибизди өлүм жазасы жок, бирок Индияныкында бар. Кудай сактасын, бирок кыргызстандык жаран өлүм жазасына кириптер кыла турган кылмыш жасаса, аны өткөрүп алуу мүмкүнбү?” – деди депутат.

“Индиянын мыйзамдарында айрым оор кылмыштарга өлүм жазасы каралган. А бизде өмүр бою эркинен ажыратуу бар. Эгерде сиз айткандай учур катталса, алып келгенге аракет кылабыз. Кылмыш жасаса да биздин жаран. Бирок биздин Кылмыш-жаза кодексибизге шайкеш келбесе,

Индиянын соттору өткөрүп берүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн”, - деди башкы прокурордун орун басары.