Кендирбаева: Балдар үчүн соцтармакты тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн жок – талкуу мектептердеги телефондор жөнүндө болду.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдар үчүн социалдык тармактарга тыюу салуу тууралуу билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Анын айтымында, мындай тыюу салуу маселесин өзү көтөргөн эмес.
«Мен өзүм бул маселени көтөргөн жокмун, мага бул тууралуу суроо беришти. Биз тыюу салууга укуктуу эмеспиз, анткени социалдык тармактардын негиздөөчүлөрү Кыргызстандын аймагында эмес, бул жергиликтүү продукт эмес. Мен мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүүнү айткам», – деп түшүндүрдү министр.
Ал мектептерде смартфондорду колдонууга чектөө үчүнчү жылдан бери иштеп келе жатканын эске салды. Окуу жайларда телефондорду сактоо үчүн атайын ящиктер орнотулган.
Кендирбаеванын айтымында, балдардын мектептен тышкаркы убакта социалдык тармактарда эмне менен алектенип жатканын көзөмөлдөө биринчи кезекте ата-энелердин милдети.
Мындан бир күн мурда, 21-сентябрда, жашы жете электер үчүн социалдык тармактарга тыюу салуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, министр: «Биз азыр бул маселени карап жатабыз», – деп билдирген. Ошондой эле ал сабак учурунда телефондорду колдонууга киргизилген чектөөлөрдү мисал келтирген.
Кендирбаева анда балдар убактысынын кыйла бөлүгүн мектептен тышкары өткөрөрүн жана чоңдордун көзөмөлүсүз социалдык тармактарды колдонушу мүмкүн экенин белгилеген.
«Балдар көзөмөлсүз социалдык тармактарда отурушат, алар кандай маалымат алып жатканын биз билбейбиз», – деген министр.
