Каракол шаарында 1000 орундуу конгресс-холл курулууда
23 ноябрь

Каракол шаарында 1000 орундуу конгресс-холл курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарында 1000 орундуу заманбап конгресс-холл курулууда. Долбоор Турукташтыруу фонду тарабынан каржыланып жатат.

Долбоорлоо иштери курулуш менен катар жүргүзүлүүдө. Объект жайгашкан жер тилкесинин жалпы аянты 1,6 гектарды түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталган.

Бүгүнкү күндө имараттын пайдубалын куруу иштери толук аяктап, биринчи кабаттын плитасын бетондоо иштери бүткөрүлдү. Учурда экинчи кабаттын опалубкасын кармоочу тирөөч мамыларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.