Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча республикалык кеңешмеде баяндама жасады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча республикалык кеңешмеге катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги жетишкендиктер, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары жана стратегиялык артыкчылыктар тууралуу баяндама жасады.
«Сизин жетекчилигиңиз менен өлкө экономикасында жана мамлекеттик каржы тутумунда масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштерде ачык көрүнүп турат. Эгерде 2021-жылы саламаттык сактоого 26 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүч 73 млрд 100 млн сомго жетти. Билим берүү тармагына 2026-жылы 96 млрд сом каралган. 2026-жылы 262 социалдык инфраструктура объектисин куруу жана пайдаланууга берүү пландаштырылган. 2027-жылы дагы 42 медициналык мекеме жана 107 мектеп курула баштайт. Заманбап автомобиль жолдору курулууда. Эгерде 2021-жылы болгону 175 км жолдо асфальт төшөлгөн болсо, 2026-жылдын ноябрь айына карата бул көрсөткүч 1 883 кмди түздү. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор аймактардын келбетин өзгөртүп, алардын туристтик потенциалын жогорулатууда. 2026-жылы Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 12–13 миллион адамга жетет деп күтүлүүдө», — деди ал.
Адылбек Касымалиев 2025-жылы өлкө боюнча 119 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилгенин айтып сөзүн улантты. 2026-жылга 118 ишкананы пайдаланууга берүү пландаштырылган: 71 ишкана буга чейин пайдаланууга берилди, жылдын аягына чейин дагы 47 ишкананы ишке киргизүү пландаштырылууда.Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу тутумун өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып жатып, Адылбек Касымалиев бюрократиядан арылтуу,
«Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жергиликтүү башкаруу тутумунда олуттуу кемчиликтер бар экенин баса белгиледи.«Натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүп, каржылоо көбөйтүлүп, эл аралык байланыштар кеңейтилип, мамлекеттик кызматтар санариптештирилип жана жергиликтүү жетекчилерге кеңири ыйгарым укуктар берилгенине карабастан, демилгелүүлүк, кесипкөйлүк жана жеке жоопкерчилик жагынан жергиликтүү жетекчилердин учурдагы иш-аракети олуттуу тынчсызданууну жана негиздүү сынды жаратууда.
Аймактарга болгон иш сапарларыңызда Сиз жеке өзүңүз калк менен жолугуп, жарандарды түйшөлткөн маселелерди жеринде угуп жатасыз. Бирок бул жолугушууларда жарандар Сизге жергиликтүү жетекчилер өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечиши керек болгон маселелер менен кайрылып жатканы тынчсызданууну жаратат. Аймактарда жаңы ишканаларды ачууга кызыгуу төмөн, жумуш орундарын түзүү боюнча демилгелер жетишсиз. Айрым аймактарда бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу пайдаланууда кемчиликтер бар», — деди ал.
Адылбек Касымалиев бул маселелердин кесепеттери ички миграцияда ачык көрүнүп жатканын айтып сөзүн улантты. Калктын Бишкекте топтолушу борбор калаанын транспорттук жана социалдык инфраструктурасына кошумча жүк жаратууда, ал эми жол тыгындары олуттуу көйгөйгө айланды. Мындан тышкары, жолугушууларда жарандар жер тилкелерине жана мүлккө болгон укуктарга байланыштуу көптөгөн маселелерди көтөрүшкөн.
«Бир эле кыймылсыз мүлк объектисине карама-каршы келген чечимдерди жана каттоо документтерин берүү узакка созулган талаш-тартыштарга алып келет. Айыл өкмөтү менен кадастр кызматтарынын кызматкерлеринин ортосундагы мыйзамсыз байланыштар фактылары кылдат текшерилип, аныкталган фактыларга укуктук баа берилет.
Мындан ары каттоо маалыматтарын көзөмөлсүз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, бардык аракеттердин бирдиктүү санариптик тутумда чагылдырылышын камсыз кылуу зарыл. Бул багытта жетекчилердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлөт», — деди ал.
Республикалык кеңешменин жүрүшүндө Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев 2026-жылдын тогуз айында Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, айрым райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингди сунуштады.
Мониторингдин алкагында аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапаты, кадр саясаты жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу талданды.Мониторингдин жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө олуттуу кемчиликтер жана аткаруу тартибин бузуу фактылары аныкталды.
Республикалык кеңешменин жыйынтыгы боюнча ишинде олуттуу кемчиликтерге жол берген айрым жетекчилерге карата чечимдер кабыл алынат.Республикалык кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Малик Бектурганов, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Максат Асаналиев жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков да баяндама жасашты.
