Сергей Безруков Кыргызстандын тургундаын “БЧФ ЖАҢЫРЫГЫ” фестивалына чакырат
6-декабрдан 10-декабрга чейин Бишкекте Балдар чоң фестивалынын “БЧФ ЖАҢЫРЫГЫ” («ЭХО БДФ») эл аралык программасы өтөт. Быйыл Кыргызстан Норвегия жана Абхазиядан кийин фестивалды кабыл алгануучу үчүнчү өлкө.
Борбор калаанын тургундарын жана конокторун Россиянын ар кайсы шаарларынан келген спектаклдер, кыргыз театрларынын мыкты коюлмалары, үй-бүлө үчүн кино жана анимациялар, заманбап жазуучулар менен жолугушуулар, балдар жана өспүрүмдөр үчүн чыгармачыл мастер-класстар, ошондой эле долбоордун эл аралык багытынын алкагында алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан театралдык лаборатория күтөт.
Фестивалдын уюштуруучулары – Сергей Безруковдун социалдык-маданий долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүү фонду жана М. Горький атындагы Москва көркөм академиялык театры. Тең уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги.
Программаны 6-декабрда М. Горький атындагы Москва көркөм академиялык театрынын «Кичинекей канзаада» («Маленький принц») музыкалык жомогу ачат. Башкы ролду Балдар чоң фестивалынын көркөм жетекчиси Сергей Безруков аткарат. Спектакль Сергей Пащенконун жетекчилиги алдындагы М. Горький атындагы МКАТнын (МХАТ) оркестринин коштоосунда өтөт.
Программанын чоо-жайы жана иш-чаралардын афишасы кийинчерээк жарыяланат.
«БЧФ ЖАҢЫРЫГЫ Кыргызстан» эл аралык программасы – эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу менен чет өлкөлөрдө ишке ашырылып жаткан балдар жана өспүрүмдөр үчүн искусство фестивалы.
See less
