Кыргызстан ЖККУга мүчө мамлекеттер менен баңгизат кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташтыгын бекемдөөдө
КР ИИМ
23 ноябрь

Кыргызстан ЖККУга мүчө мамлекеттер менен баңгизат кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташтыгын бекемдөөдө

Казань шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ыйгарымдуу органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 28-отуруму өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Россия Федерациясынын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында Казань шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча ыйгарымдуу органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 28-отуруму болуп өттү.

Иш-чарага Татарстан Республикасынын жетекчилигинин өкүлдөрү, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ички иштер министрликтеринин тиешелүү тармактык ведомстволорунун жана баңгизаттарга каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин, Россиянын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын жана ЖККУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын делегациясын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов жетектеди.

Жыйындын ачылышында Адылбек Бийбосунов баңгизат коркунучуна каршы күрөшүүдө эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын белгилеп, ЖККУнун алкагында макулдашылган стратегияларды иштеп чыгууда жана биргелешкен чараларды ишке ашырууда Координациялык кеңештин маанилүү ролуна токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов өлкөдөгү баңгизаттарга байланыштуу учурдагы кырдаал тууралуу баяндама жасады.

Катышуучулар баңгизаттарды колдонууну алдын алуу, аларды мыйзамсыз өндүрүүгө жана аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюу, ошондой эле баңгизат бизнесинен түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү боюнча практикалык чараларды талкуулашты. Мындан тышкары, ЖККУнун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча ыйгарымдуу органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана «Канал» атайын операциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Жыйындын соңунда тараптар тиешелүү жыйынтыктоочу документтерди макулдашып, кол коюшту.