Чүй облусунда блогер жол кырсыгынан кийин милиция менен медиктердин ишине кийлигишкен
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

Чүй облусунда блогер жол кырсыгынан кийин милиция менен медиктердин ишине кийлигишкен

Кожомкул айылында жол кырсыгы катталып, текшерүү учурунда милиция кызматкерлеринин ишине кийлигишкен жаран аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 24-ноябрында саат 01:17 чамасында Сокулук районунун Кожомкул айылындагы Фрунзе көчөсүндө, «Султанхол» ресторанынын жанында жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, 2003-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран TOYOTA MARK II үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкек–Кара-Балта унаа жолунда бара жатып, алдыда ошол эле багытта жүргөн чет элдик жараны башкарган MERCEDES-BENZ V260 үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен MERCEDES-BENZ V260 үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүсү, 1973-жылы туулган Ж.Ж. аттуу чет элдик жаран медициналык жардам сурап кайрылып, ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жол кырсыгына тиешеси жок, өзүн блогер катары тааныштырган 1983-жылы туулган А.Р. аттуу жаран милиция кызматкерлеринин кызматтык ишине кийлигишип, процессуалдык иш-чараларга катышууга жана котормочу болууга аракет кылган. Бирок анын чет тилин билбестиги аныкталган.

Мындан тышкары, ал Сокулук айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда айдоочуларды медициналык күбөлөндүрүү учурунда медициналык кызматкерлердин ишине да кийлигишип, алардын ишине тоскоолдук жаратып, чыр-чатакка түрткөн.

Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо жана жарандардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча тиешелүү текшерүү иштери улантылууда.