Саламаттыкты сактоо министри ооруканаларда кыргыз тилин колдонууну күчөтүүнү тапшырды
24 ноябрь

Саламаттыкты сактоо министри ооруканаларда кыргыз тилин колдонууну күчөтүүнү тапшырды

Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратында 23-ноябрда министрликке караштуу мекемелерде мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу маселелерине арналган кеңейтилген жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Жыйынга саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана комиссиянын адистери катышты. Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мекемелеринин жетекчилери жеринде катышса, республиканын башка аймактарындагы мекемелердин жетекчилери онлайн форматта кошулду.          

Жыйындын жүрүшүндө Мелис Мураталиев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын талаптарын саламаттык сактоо тармагында так жана толук аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал медициналык мекемелерде жарандарды мамлекеттик тилде тейлөө, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү, маалыматтык такталарда жана көрнөк-жарнактарда мамлекеттик тилдин нормаларын сактоо зарылдыгына токтолду.                                                            

Ошондой эле Улуттук комиссия тарабынан саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча презентация көрсөтүлдү. Анда мамлекеттик тилдин колдонулушунун учурдагы абалы, жетишкендиктер жана жоюлууга тийиш болгон кемчиликтер талданып, аларды оңдоо боюнча сунуштар берилди.                           

Жыйындын алкагында “Айтил – акыл ачкычы” улуттук жасалма интеллект платформасынын мүмкүнчүлүктөрү да тааныштырылды. Платформа кыргыз тилинин санариптик чөйрөдөгү колдонулушун кеңейтүүгө жана мамлекеттик тилде иш алып барууну жеңилдетүүгө багытталган.                                                                                            

Мындан тышкары, медицина тармагындагы терминдерди мамлекеттик тилде туура жана бирдей колдонуу маселеси талкууланды. Медициналык терминдердин кыргызча баламаларын тактоо, аларды бирдиктүү нукка келтирүү, документтерде жана бейтаптарга берилүүчү маалыматтарда тилдик нормаларды сактоо зарылдыгы белгиленди.                                      

Жыйындын экинчи бөлүгүндө катышуучулар мамлекеттик тил саясатын медицина тармагында натыйжалуу ишке ашыруу, кызматкерлердин мамлекеттик тилде иш алып баруу көндүмдөрүн жогорулатуу жана санариптик технологияларды кеңири колдонуу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле суроо-жооптор уюштурулду.                                     

Иш-чаранын жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелердин жетекчилерине мониторингдин жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу, мамлекеттик тил мыйзамдарынын талаптарын так сактоо жана мекемелердин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.