Кыргызстан менен Армения маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдайт
24 ноябрь

Кыргызстан менен Армения маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдайт

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу бүгүн, 24-ноябрда Армения Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Армен Вачикович Гевондян менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият, искусство жана жаштар саясаты тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечектеги артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027-2029-жылдарга карата кызматташуу боюнча Жол картасында каралган маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Тараптар маданий алмашууларды кеңейтүү, маданият мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, музей тармагындагы өз ара байланышты өнүктүрүү жана биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана Арам Хачатуряндын туулган күнүнүн 125 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн Маданият күндөрүн уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-армян маданий-гуманитардык байланыштарын мындан ары бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.