Бишкекте сексуалдык зомбулукка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгондордун жакындары митингге чыгышты
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

Бишкекте сексуалдык зомбулукка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгондордун жакындары митингге чыгышты

Бишкек шаарынын борборунда сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча соттолгон жарандардын жакындары нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымдады.

Чогулгандар сот чечимдерин кайра карап чыгууну, кылмыш иштерин тергөөдө мыйзамдуулуктун сакталышын жана далилдерге объективдүү баа берүүнү талап кылышууда.

Митингдин катышуучулары «Кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөр далил болуп саналбайт» жана «Сот чечими бир гана көрсөтмөлөрдүн негизинде эмес, далилдерге таянып чыгарылышы керек» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

Алар өздөрүнүн арыз-даттанууларын тергөө органдары менен соттордун ишине байланыштуу президентке жеткирүү үчүн аны менен жолугушууну талап кылышууда.

Митингге чыккандардын бири чет өлкөдө зордуктоо боюнча негизсиз айыпталып, адилетсиз соттолгон деп эсептеген жакынын мунапыска чыгарууну өтүндү.

Акция өтүп жаткан жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.