Кыргызстанда альпинисттерди жана туристтерди милдеттүү камсыздандыруу киргизилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Кыргызстанда альпинисттерди жана туристтерди милдеттүү камсыздандыруу киргизилет

Кыргызстанда альпинисттерди жана туризмдин кооптуулугу жогору түрлөрү менен алектенген туристтерди милдеттүү камсыздандыруу пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, учурда камсыздандыруунун шарттары талкууланууда. Тактап айтканда, мекеме жөнөкөй жөө жүрүштөр менен кооптуу тоо чокуларына чыгуулар үчүн бирдей тариф белгилөөгө каршы.

Кубатов буга чейин трекинг үчүн камсыздандыруу төлөмүн 3 млн сом өлчөмүндө белгилөө сунушталганын айтты. 1% тариф менен камсыздандыруу полисинин баасы 30 миң сомду түзөт. Анын пикиринде, бул жөө жүргөн туристтер үчүн өтө кымбат.

Агенттиктин жетекчиси тарифтерди тобокелдиктин деңгээлине жараша бөлүүнү сунуштады. Анын айтымында, трекинг үчүн камсыздандыруу болжол менен 10 доллар, ал эми альпинизм үчүн 300–400 доллар болушу керек.

«Дүйнөлүк практикада трекинг үчүн 400 доллар төлөнгөн учур жок. Мындай сумма альпинизм жана тобокелдиги жогору туризмдин түрлөрү үчүн төлөнөт», — деп белгиледи Кубатов.

Милдеттүү камсыздандыруунун акыркы тарифтери жана аны киргизүү мөөнөтү азырынча аныктала элек.