Көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн айып пул 20 эсеге көбөйтүлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн айып пул 20 эсеге көбөйтүлөт

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн айып пул 1 миң сомдон 20 миң сомго чейин көбөйтүлөт.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-ноябрда үчүнчү окууда кабыл алды.

Ошондой эле турак жай мыйзамдарын бузгандыгы үчүн башкаруучу уюмдарга жана батир ээлеринин шериктештиктеринин башкармалыгынын мүчөлөрүнө 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

Ал эми ижарачылар тууралуу маалыматты юридикалык жактарга бербегендиги үчүн 13 миң сомго чейин айып пул салынат.

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр башкаруучу уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүүгө, менчик ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого жана көп кабаттуу үйлөрдү башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.