Кыргызстанда «Баатыр эне» наамын ыйгаруу тартибин «Түндүк» аркылуу жөнөкөйлөтүү сунушталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Кыргызстанда «Баатыр эне» наамын ыйгаруу тартибин «Түндүк» аркылуу жөнөкөйлөтүү сунушталды

Кыргызстанда «Баатыр эне» наамын ыйгаруу жол-жобосун «Түндүк» электрондук системасы аркылуу жөнөкөйлөтүү сунушталды.

Мындай демилгени бүгүн, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрдү.

Анын пикиринде, жол-жобону санариптештирүү көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө байланышкан административдик процесстерди жеңилдетет.

Мындан тышкары, эл өкүлү «Баатыр эне» ордени менен сыйланган аялдарга мамлекеттик кызматтарды алууда кошумча жеңилдиктерди берүү сунушун киргизди.