Курулуш министрлиги
25 ноябрь
Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 127 миллион сомду түзөт.
Мектептин курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын чатыры жабылып, шыбак иштери аяктады.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1336 чарчы метрди түзөт. Мектепте предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Объекттин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
