Баткен облусунда ат оюндарын өткөрүүдө коопсуздук маселелери талкууланды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
25 ноябрь

Баткен облусунда ат оюндарын өткөрүүдө коопсуздук маселелери талкууланды

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги алдында ат оюндарын өткөрүүдө коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча жыйын өттү.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жыйынга райондук жана шаардык администрациялардын жетекчилери видеоконференция (ВКС) режиминде катышты.

Жыйында көк бөрү, аламан улак жана башка ат оюндары учурунда катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, оюндарды уюштурууда жоопкерчиликти күчөтүү, коопсуздук талаптарын сактоо, медициналык жардамдын даярдыгын камсыз кылуу маселелери каралды.

Тиешелүү жетекчилерге ат оюндарын өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо, уюштуруучулардын жоопкерчилигин күчөтүү жана кырсыктардын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.