Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоо үчүн электр энергиясына төлөө тартиби өзгөрүшү мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 ноябрь

Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоо үчүн электр энергиясына төлөө тартиби өзгөрүшү мүмкүн

Кыргызстандын Энергетика министрлиги электромобилдерди кубаттоочу станциялар үчүн электр энергиясына карата тарифтерди колдонуу тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо.

Учурда «Электромобилдерди кубаттоочу станциялар» категориясындагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифи пайдалануу максатына карабастан 1 кВт·саат үчүн 5,99 сомду түзөт.

Ошол эле учурда колдонуудагы тарифтик саясатта коммерциялык кубаттоочу станциялар менен жеке муктаждыктар үчүн гана пайдаланылган түзүлүштөрдүн ортосунда так айырма каралган эмес.

Долбоорго ылайык, атайын тариф электромобилдерди кубаттоо кызматын коммерциялык негизде көрсөткөн жеке жана юридикалык жактарга колдонулат.

Ал эми кубаттоочу түзүлүштөрдү жеке керектөөсү үчүн гана колдонгон, үчүнчү жактарга кызмат көрсөтпөгөн жана кубаттоо үчүн акы албаган жарандар электр энергиясына керектөөчүлөрдүн өз категориясына ылайык төлөшөт.

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.