2030-жылга карата калк үчүн электр энергиясынын тарифи 3,4 сомго жетиши мүмкүн
сүрөт: depositphotos.com
26 ноябрь

2030-жылга карата калк үчүн электр энергиясынын тарифи 3,4 сомго жетиши мүмкүн

Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү даярдады. Мында калк үчүн базалык тарифтерди жогорулатуу графигин өзгөртүүсүз калтыруу сунушталууда.

Айына 700 кВт·саатка чейин электр энергиясын керектеген абоненттер үчүн төмөнкү тарифтер каралган:

– 2027-жылдын 1-майынан тартып – 1 кВт·саат үчүн 1,97 сом;

– 2028-жылдын 1-майынан тартып – 2,36 сом;

– 2029-жылдын 1-майынан тартып – 2,83 сом;

– 2030-жылдын 1-майынан тартып – 3,40 сом.

Бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн бул тарифтер электр энергиясын керектөөнүн көлөмүнө карабастан, башкача айтканда, 700 кВт·сааттык чектөөсүз колдонулат.

Белгиленген ченемден ашык электр энергиясын керектеген башка тиричилик абоненттери үчүн тариф жыл сайын инфляциянын деңгээлин жана кошумча 3,5%ды эске алуу менен жогорулатылып турат.