Кыргызстанда футбол тууралуу сериал тартылды, долбоорго Мурзаев жана Токотаев тартылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин «Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемеси жана 1.1 Studioтарабынан «Топ Юнайтед» спорттук драмеди сериалынын бет ачары уюштурулат.
Иш-чара 2026-жылдын 28-ноябрында «Бродвей» кинотеатрында өтөт.
Сериалдын сюжети мурдагы футболчу-машыктыруучу Жеңиштин беш өспүрүмдөн футбол командасын түзүп, алардын жашоосун өзгөртүүгө болгон аракети тууралуу баяндайт.
Сериалдын режиссёру — Ильгиз Куватбек, башкы каарман Жеңиштин ролун Руслан Орозакунов аткарган. Долбоорго белгилүү футболчулар Мирлан Мурзаев жана Эржан Токотаев да тартылган.
Бет ачардын алкагында сериалдын алгачкы эпизоддору көрсөтүлүп, жаратуучулар менен жолугушуу уюштурулат. Сериалдын сериялары «Этномедиа» платформасында жарыяланат.
Ошондой эле иш-чарада Estebez жана Bapay аткаруучуларынын «Топ Юнайтед» альбомуна арналган жаңы клибинин бет ачары болот.
