Кыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктады
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев баштаган министрликтин делегациясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш сапардын максаты — алгачкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу, дары-дармек менен камсыздоо боюнча Түркиянын тажрыйбасын жана ыкмаларын үйрөнүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашуу.
2026-жылдын 23-ноябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев баштаган делегация Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, профессор Нуруллах Окумуш (Prof. Dr. Nurullah Okumuş) менен жолугушту.
Эки тараптуу жолугушууда кыргызстандык медицина адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, клиникалык тажрыйба алмашуу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегинин маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Бул жолугушуу 2026-жылдын 1–2-октябрында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин VI жыйынынын алкагында башталган эки тараптуу диалогдун уландысы болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо тармагындагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
