Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруу учурлары боюнча 5,1 млн сомдон ашык төлөм жүргүздү
26 ноябрь

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруу учурлары боюнча 5,1 млн сомдон ашык төлөм жүргүздү

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсы отчеттук мезгилдин башынан тартып 2026-жылдын 25-ноябрына чейин жалпы суммасы 5 млн 144 миң 41 сомду түзгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү. Каражаттар камсыздандыруу учурларынын келип чыгышына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган жарандарга жана уюмдарга берилди.

Төлөмдөр камсыздандыруунун ар кандай багыттары, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ЖААКМ), турак жайды камсыздандыруу жана башка камсыздандыруу кызматтары боюнча жүргүзүлдү.

Төлөмдөрдүн эң чоң суммасы камсыздандыруу учурларын иликтөө жана жөнгө салуу башкармалыгына туура келип, 4 млн 394 миң 847 сомду түздү.

Аймактар боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Ысык-Көл облусу — 300 миң сом;
  • Жалал-Абад облусу — 177 миң 758 сом;
  • Нарын облусу — 150 миң сом;
  • Баткен облусу — 101 миң 436 сом;
  • Талас облусу — 20 миң сом.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, мекеме жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо, камсыздандыруу учурлары катталганда келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.

Уюм камсыздандыруу күтүлбөгөн жагдайлардан келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берген финансылык коргоонун инструменттеринин бири экенин белгилейт.