видеодон алынган кадр
26 ноябрь
Ош шаарындагы Чоң-Алай көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталды
Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймагындагы Раззаков жана Касымбеков көчөлөрүн бириктирген Чоң-Алай көчөсүндө реконструкциялоо иштеринин алкагында асфальт төшөө иштери башталды.
Узундугу 1,5 чакырымга жакын болгон көчөнү реконструкциялоо долбоорунда жолду төрт тилкеге кеңейтүү жана жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу каралган.
Учурда жолдун негизги бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, көчөнү заманбап талаптарга ылайык жаңылоо иштери этап-этабы менен аткарылат.
