Ноокат – Фергана багытында автобус каттамын ачуу сунушталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Ноокат – Фергана багытында автобус каттамын ачуу сунушталды

Кыргызстандын Ноокат району менен Өзбекстандын Фергана шаарынын ортосунда үзгүлтүксүз автобус каттамын ачуу сунушталууда.

Мындай демилгени бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу көтөрдү.

Мындан тышкары, элдин муктаждыгын эске алуу менен шаарлар аралык автобустардын учурдагы каттам графиктерин кайра карап чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Жаңы эл аралык автобус каттамын ишке киргизүү мөөнөтү азырынча айтыла элек.