Кыргызстан жана Аргентина соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
24-ноябрда КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев Аргентинанын Кыргызстандагы элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра менен жолугушту.
Авазбек Керимбаев элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап Аргентинадан уй этин импорттоого жана айыл чарба чийки затын кайра иштетүү боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Элчи малдын асыл тукум сапатын жакшыртуу, сууну үнөмдөөчү айыл чарба техникасы жана дан сактоонун заманбап технологиялары боюнча Аргентинанын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтык талкууланды. Аргентиналык компаниялар 2027-жылдын жазында Кыргызстанда өтө турган эл аралык туристтик көргөзмөгө чакырылды.
Элчи эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
