Алдамчылар же каракчылар: америкалыктар эмнеден көбүрөөк коркушат
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Алдамчылар же каракчылар: америкалыктар эмнеден көбүрөөк коркушат

Америкалыктар жеке маалыматтарынын уурдалышынан жана алдамчылыктан көбүрөөк кооптонушат. Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, респонденттердин 69%ы жеке маалыматтарынын уурдалышынан, 55%ы алдамчылыктан коркушат.

Салыштыруу үчүн, америкалыктардын 29%ы көчөдө кол салууга кабылуудан, 27%ы сексуалдык зомбулуктан, 22%ы киши өлтүрүүдөн, 37%ы үйүн тоноп кетүүдөн коркушат. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 31%ы жек көрүүчүлүктүн негизинде жасалган кылмыштарга тынчсызданышат. Ал эми 40%дан ашыгы балдарынын мектептеги коопсуздугуна, унаасынын уурдалышына же бузулушуна кабатыр болушат.

Жеке маалыматтарынын уурдалышына өздөрүн эң алсыз сезгендер — 55 жаштан жогорку жарандар. Алардын 77%ы бул коркунучка тынчсызданышат. Ал эми 18–34 жаштагы жаштар арасында бул көрсөткүч 52%ды түзөт.

Ошол эле учурда АКШдагы кылмыштуулукка байланыштуу коомдук пикир жакшы жакка өзгөргөн. Эгерде 2023-жылы сурамжылоого катышкандардын 77%ы өлкөдө кылмыштуулук көбөйүп жатканын айтышса, азыр бул көрсөткүч 46%га чейин төмөндөгөн. Бул акыркы 25 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.

Ал эми жашаган аймагында кылмыштуулук көбөйгөнүн белгилеген америкалыктардын үлүшү 33%ды гана түзгөн.