сүрөт: depositphotos.com
25 ноябрь
Нарын облусунда 140 дарыгер жетишпейт
Нарын облусунда ар кандай адистиктеги 140 дарыгер жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Таалайбек кызы билдирди.
Анын айтымында, аймакта медициналык кадрлардын жетишсиздиги олуттуу көйгөй жаратууда.
Маселени чечүү үчүн депутат жаш дарыгерлерди өлкөнүн алыскы аймактарына тартуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.
Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө гана эмес, аймактарда жашоосу үчүн да зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
